// //

Боюм өтө узун, мага эч нерсе жарашпайт. Өздүк баамды кантип көтөрсөм болот?

2020.11.20, 11:50
1784

Саламатсызбы. Жашым 20да, боюм абдан узун, анан дагы кеңдалылуумун. Өзүм теңдүү кыздардан улуу көрүнөм. Курбуларымдын арасында бир жоон жыгачтай элемин.

Өздүк баам төмөн, мага эч нерсе жарашпайт. Кантип боюма жараша, идеалдуу болуп жүрөм? “Самооценкамды” кантип көтөрөм?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.11.2020, 11:51

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатчылык. Мен сизге бир нерсени айтып коеюн – идеалдуу адам жок! Болбогону деле жакшы, ошону менен адамдар бири-бирине кызык, бардыгы бири-биринен айырмаланып турат: дене түзүлүшү, жүзү, мүнөзү, ой жүгүртүүсү, улуту, дини ж.б.

Сиз да эч кимге окшош эмессиз, сиздей экинчи адам бул дүйнөдө жок, болгон эмес, болбойт дагы. Биз келбетибизди ашкере критикалай беребиз, өзүбдүздү урушуп, төмөн баалайбыз.

Боюм узун дедиңиз, а канча адам узун бойго жетпей убара? Узун бойлуу адамдар кыска бойлууларга караганда аз, ошондуктан сиз бул өзгөчөлүгүңүз менен сыймыктанышыңыз керек.

Менин да боюм узун, бирок ошого карабай бийик така кием, анткени мага жагат. Башкалар эмне дейт, кандай пикирде калышат, мени кызыктырбайт.

Андан тышкары азыркы учурда кийимдин түрлөрү көп, фигураңызга жарашыктуу кылып тандап алууга шарт бар. Болгону артыкчылыктарыңызды баса белгилегенге үйрөнүңүз.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, айрым айымдардын сулуулугу кечирээк ачылат. Анын бардыгы сиздин өзүңүзгө жасаган мамиледен көз каранды. Мен эч кимге жакпайм, мен идеалдуу эмесмин, түрүм суук дей берсеңиз, өзүңүздү да айланадагы адамдарды да ошого ишендирип коесуз.

Андан көрө жакшы жактарыңызга, мыкты сапаттарыңызга басым кылыңыз. Мен акылдуумун, мен боорукермин, мен тамашаны жакшы түшүнөм ж.б. Сиз сөзсүз сизди баалаган, чын дилинен сүйгөн адамга жолугасыз. Кемчиликтериңизди өзгөчөлүк катары кабыл алганды үйрөнүңүз.

Ийгилик!

Психолог Асель Суюнбаева менен @_psy_help_ баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.  

Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди

10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин

Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт