Коркокмун, бул сезимден кантип кутулсам болот? Психологдун кеңеши
Коркоктук менен өздүк баанын бири-бирине тиешеси барбы? Буларды калыбына келтирүү үчүн эмне кылыш керек? Психологдон кеңеш алып бере аласызбы?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Ооба, албетте коркуу сезими менен өздүк баа бири-бири менен тыгыз байланышкан. “Мени кандай кабыл алышат?”, “Утулуп калсам башкалар мен жөнүндө эмне деп ойлошот?”, “Башкалар мени шылдыңдашат” деген санааркоолор адамды көп нерседен кур калтырат.
Коомдо коркоктук сезим сынга алынат. Эмнегедир көпчүлүк аны жаман көрсөткүч катары кабыл алышат. Бирок, бул чынында эле ошондойбу?
Эгер адам капаска түшкөн аюну бир уруп өлтүрөм деп жулунса, бул эр жүрөктүк болуп саналабы же акылсыздыкпы?
Албетте акылсыздык, мындайда коркуу сезими бул адамдын катардагы реакциясы, башкача айтканда өзүн-өзү сактап калуу инстинкти. Ден соолугуна же өмүрүңө коркунуч туудурган нерсени жасоодон коркуу же баш тартуу нормалдуу нерсе.
Дагы бир мисал, ичип алып, мушташып жаткан балдарга кийлигишпей коюу – бул коркоктукпу же адекваттуу реакциябы? Менимче адекваттуу реакция. Анткени өзүн-өзү сактап калуу инстинкти иштеп жатат.
Айрым адамдарда психофизиологиялык өзгөчолүктөрдөн улам сактануу сезими иштебейт жана бул норма болуп саналбайт.
Бирок кээ бир адамдарда коркуу сезими ашыкча болот. Адам коркунуч жок болуп турса деле ашыкча санааркап, чочуп, өзүн жоготуп коет. Мисалы кыздар менен тааныша албайт, бөтөн кишиге кайрылып, бир нерсе сурай албайт, өзүнүн таламын талашкандан коркот, ошондуктан ар дайым уттуруп коет.
Мындай көрүнүш психологиялык жактан травма алып калгандан улам пайда болот. Аны психотерапевтке кайрылып, тераппия алып, коркуу сезиминен кутулууга аракет жасоо керек.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?