// //

Мени көчөдөн алып келип адам кылган кайын энем менен кызына рахмат

2020.11.06, 16:17
6412

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөө баланын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Ээ достор, кандайсыңар! Баарыңар эле кайын-журтуңарды мактайсыңар, мен деле арта калбайын деп чечтим. Алтындай болгон кайын энем жөнүндө айтып бербесем болбой калат. Ушундай адам бар экенин дүйнө жүзү билиши керек! 

11 жашымда ата-энем ажырашып кетти. Атам үйлөнүп, апам күйөөгө тийгенден кийин эч кимге керегим жок болуп калды. Бир жыл тайкемдикинде жашасам, экинчи жылы чоң атамдыкына барам дегендей. Ар кимдин кагуусун угуп жүрүп быштым.

Башкаларга окшоп ата-эненин эмес, көчөнүн тарбиясын алдым.

Өзүмө окшогон жигиттер менен паркта дюшес ичип отурганбыз. Бир маалда ары тараптан үч кыз келатканын көрдүк. “Давай, ким таанышат”,-деп, төш каккылай баштадык. Ал аңгыча тигелер жаныбыздан өтүп баратканда бирөөсүнө дюшести чайкап туруп чачып жибердим. Кол чаап каткырып кирдик. Ошондо тиги кыз жаныма келип мындай деди: “Чоң эле жигит экенсиз, уялбайсызбы. Мындай жүрүм-турумуңуз менен 10 жылдан кийин деле ушундай абалда калсаңыз таң калбайм. Болочок балдарыңызга жана аялыңызга боорум ооруйт.”

Жан-жөөкөрлөрүм “ваай, филосов го”,-деп каткырып жатышты. А мен кызарып чыктым. Уялганымдан жерге кирип кетким келди. Тиги кыз жайбаракат басып кетти. 

Күн сайын паркка барып аны күтө баштадым. Туптуура эки айдан кийин, кыштын суук күндөрүнүн биринде өттү.  

- Саламатсызбы!

- Саламатсызбы!

- Мени таанып турасызбы?

- Ооба, дюшес эсиме түштү. 

- Мага жардамыңыз керек?

- Эмне жардам?

- 10 жылдан кийин азыркыдай болуп калгым келбейт.

Жылмайып күлүп, "менин атым Зыядат" ,-деди.  

Кайын-журтум башында мени жактырышпады. Кайын агаларым бетиме эле карындашын мага бербей турганын айтышты. Аларды жакшы түшүнөм. Туруктуу жумушу жок, көчөдө өскөн жигит кимге эле жаксын.

Акыркы чекитти кайын энем койду, “кызымдын тандоосун колдойм, көздөрүнөн мыкты күйөө болору көрүнүп турат, мен бул жигитке ишенем, батамды берем.”

Кайын энемди үмүтүн актагым келди. Тытынып иштей баштадым. Ошол эле учурда окууга тапшырдым. Диплом жаза албай ыйлаган күндөрүмдү азыр жылмаюу менен эстейм. Үй салдым, машина алдым. Чөйрөмдү толугу менен алмаштырдым. Мени артка тарткан эмес, өстүрө турган адамдар менен мамиле кура баштадым.

Күй сайын кайын энеме чалып сүйлөшөм. Кеңеш айтып, дем күч берип турат. Ар дайым менден мыкты адам чыга турганын эскертет. Колум бошосо эле майда-чүйдөлөрүмдү көтөрүп алып үйүнө жөнөйм. “Уулум келдиңби?”- деп тосуп чыкса, жүрөгүм элжирейт.

Жылдап издеп жүргөн эне мээримин кайын энемден таптым. 

Кайын энем силерди окуйт. Ошон үчүн ага бир нерсе айтып коеюн. Апоу, мен сизди жакшы көрөм. Менин адам болорума ишенгениңиз үчүн чоң рахмат. Сиз жана кызыңыз экөөңөр болбосоңор, мен көчөдө калмакмын. Мен сиз сыймыктана турган күйөө бала болом. Мен багынтчу ийгиликтер али алдыда. Бирок, азыр эле айтып коеюн, алардын баарын сизге арнайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт