// //

Апаман жийиркенем, жылуу сөзүн, мамилесин башкага арнайт. Психологдун кеңеши

2020.11.06, 11:52
2854

Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын, менин көйгөйүм апам болуп жатат. Атам менен апам ажырашкан эмес, апам экөөбүз чет өлкөдө иштейбиз.

Апам бир үй-бүлөнү бузуп, бул жактан өзүнө жигит таап алды. Мени менен сүйлөшкүсү келбейт, тигиниси чалса жетип барат.

Эне катары мээримин төгүп, мага кам көргөн жок, бардыгын сүйгөнүнө арнайт. Ал киши телефонун сындырып, көк ала кылып сабап салат. Ошонусуна карабай мамилесин үзбөй койду.

Жанымды койбой аны менен тааныштырган. Апаман жийиркенем, кыжырым кайнап, өлтүрүп салгым келет. Мындай зынаакор эненин барынан жогу жакшы деп ойлоп кетем.

Эмне кылышты билбей башым катты. Өлүп эле алсамбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.11.2020, 11:53

Асель Баимбетова

Психолог

Менин сизге аябай боорум ооруп турат. Эң жакын адамыңдын ката кетирип жатканына күбө болуу оор жүк.

Айрым адамдар чет өлкөгө кеткенде, чөйрө өзгөргөндө, жүрүм-турумун, баалуулуктарын да кескин өзгөртүшөт. Мындай көрүнуш сизди ачуулантып жатат.

Тилекке каршы, апаңыздын жашоосуна таасир этип, кийлигише албайсыз. Ал акыл эси токтогон, калыптанып калган адам. Демек тандаган жашоо образы, кабыл алган чечимдери үчүн өзү жооптуу.

Сиз да 21 жашта экенсиз. Бой жетип, өз алдынчалыкка жетишкенсиз. Менин сизге бере турган негизги кеңешим, апаңыздан бөлүнүп өз алдынча болууга аракет кылыңыз. Апаңыздын тандоосуна сиздин мамилеңиз кандай экенин билдирдиңиз, ошол жетиштүү. Ага акыл айтып, туура жолго салууга аракет кылуу убакытты текке кетирүү.

Ар бир адамдын өмүрү кымбат. Сиз али жашсыз, алдыда көптөгөн бактылуу күндөр күтүп жатат. Бийик максаттарды коюп аларга жетүүгө аракет кылыңыз, болуп жаткан окуялардан өзүңүз үчүн сабак алыңыз.  

Мен сизге ийгилик каалайм.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт