Жигитимдин жини бат келет, өзүн кармана албайт, кийин кол көтөрөбү деп корком
Жашым 18де, жигитим бар. Сүйлөшкөнүбүзгө 2 жыл болду. Аны аябай жакшы көрөм. Мага жасаган мамилеси жакшы, өзүңдү эч качан түшүрбө, деп колдоп турат.
Болгону тез ачууланганы, жини келгенде сөгүнгөнү, өзүн контролдой албаганы мени ойлондурат. Эмитен мынтип нерв болуп жатса, кийин баш кошуп, үй-бүлө курсак кантет? Кол көтөрөбү, деп корком.
Асель Суюнбаева
Психолог
Саламатчылык. Ачуусу чукул, корком дедиңиз. Демек коркууңузга негиз бар, ички туюмуңуз бир нерсени сезип жаткандай.
Туура баамдап жатасыз, кыз-жигит болуп жүргөндө эки жаш тең өздөрүнүн эң жакшы сапаттарын гана көрсөтөт. Ошондуктан биз сүйүктүү адамыбызды боорукер, күйүмдүү, камкор, март адам катары кабыл алабыз. Бирок баш кошкондон кийин көптөгөн көнүл калуулар башталат.
Бирге жашап баштагандан кийин романтикалык сезимдер жана эмоциялар азаят, мурда маани берилбеген, көңүл бурулбаган сапаттар айкын көрүнө баштайт. Сиз корккондой эле өзүн башкара албаган адам ачуусу менен сизге да кол көтөрүшү мүмкүн.
Эгер бул адам менен үй-бүлө кургуңуз келсе, эртерээк ачык сүйлөшүңүз. Кооптонгонуңузду айтып ичтеги санооркоолорду, ойлорду билдириңиз. Мүмкүнчүлүк таап, психологго кайрылып консультация алыңыз. Психолог жигитиңиздин бат ачуулануусунун себебин аныктап, чечүү жолдорун көрсөтүп берет.
Бул маселени баш кошконго чейин чечип алганыңыз оң.
Бактылуу болуңуз!
#билесиңбиөспүрүм
Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди
10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин
Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?