Жолдошум каза болду, мага, балдарыма эмне мүлк тиешелүү экенин кантип билем?
Жолдошум үйдүн кичүүсү болчу, 2019-жылы кайтыш болуп кеткен. Тилекке каршы, пикир келишпестиктерден улам үйдөн 3 балам менен чыгып кеттим.
Ушуга чейин жолдошумдун атында кандай мүлк бар экенин билбейм. Мага жана балдарыма эмне тиешелүү экенин кантип билсем болот? Жашаган үйүбүз кайын атамдын наамында.
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эгер жолдошуңуз менен баш кошконуңуз расмий түрдө катталып, нике учурунда чогуу мүлк алган болсоңор, кадастр кызматына кайрылып, жеке мүлкүңүзгө толук ээлик кылсаңыз болот.
Ал эми кайын атаңыз менен кайын энеңиздин мүлкүнө алардын көзү тирүү кезинде ээлик кылууга эч кандай укугуңуз жок. Демек алар жашаган үйдү талаша албайсыз.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?