// //

Кыздарым бир сындырым нанды мага калтырып коюп өздөрү ачка отуруптур

2020.10.22, 12:55
8405

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жаш атанын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Колумдагы миң сомду карап жалдырап туруп калдым

“Ата чай ичиңиз”, үйгө келсем кыздарым столго бир сындырым нан коюп, канты жок кара чай сунушту.

- Силер чай ичтиңерби? Курсагыңар токпу? Мындан башка нан жокпу?

- Жок, чай ичкен жокпуз.

- Мага калтырбай нанды жей бербейт белеңер.

- Биз жаңгак чагып жеп алдык. Сиз жей бериңиз.

- Алтындарым, берекелерим, козуларым, баарын түшүнгөн акылдууларым, жаман атаңар силерден кагылып кетсин.

Ошол учурдагы абалымды айтпасам деле түшүнүп турсаңар керек. Эки айдан бери жарытаарлык жумуш таба албай жүргөнүмө ыза болдум. “Үй-бүлөңдү бага албаган лохсуң” деп өзүмдү-өзүм жемеледим. Болгон күчүм менен бакыргым келди. Аттиң, анте албадым. Кыздарымдын чачынан салып, “мен азыр келем” деп оозумду кымтыган боюнча сыртка чыгып кеттим.

“Эже, билем карызым толтура. Бирок, тиги кантыңыздан, момпосуй, нан менен макаронуңуздан берип турбасаңыз болбойт. Колума тыйын тиери менен баарын төлөп кетем.” Көзүмө жаш толуп калтырап чыктым. Дүкөнчү Насийкат эже унчукпай сурагандарымды пакетке салып мага сунду. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла.

Үч кызым бар. Келинчегим шаарда, жүрөгү ооруп бейтапканада жатат. Тапканымдын баарын ага жөнөтөм. Байкушум, эне да, курсагыбыз ток, баары жакшы дегеним менен ишенбейт.

- Мен жакшы болуп калдым, дарыларымды токтотуп, үйгө бара берейин.

- Жок, толук дарыланасың! Качан дарыгер чыгасың дегенде, ошондо чыгасың. Жүрөгүң дагы кармап калса эмне болот? Бизди ойлосоң, жакшы көрсөң, анда дарылынып туруп келесиң!

- Макул. Кыздарыма берчи, үндөрүн угуп алайын.

- Эки эле единица калды, эртең салып, анан сен менен сүйлөштүрөм. Бизге кабатыр болбой, жакшылап укта, макулбу?

- Макул.

Жумуш издеп барбаган жерим калбады. Кыздарымдын курсагын кантем деп башымды жерге салып келатсам, дүкөнчү Насийкат эже бирөө менен сүйлөшүп туруптур. Мени көрө калып, колун булгалады. “Дагы карызын сурайт” деп, оор үшкүрүп жанына жөнөдүм.

- Бул жигит бригадир издеп жүрүптүр. Жаңылбасам, сен “стройкада” иштегенсиң, туурабы?

- Туура эже, туура.

- Анда экөөң сүйлөшүп алгыла.

- Эртең жумушка чыга аласызбы?

- Бүгүн деле чыга берем?

- Бүгүн кеч болуп калды байке, эртең бул дарек боюнча сизди күтөм. Ал эми бул аванс.

Кудай берет деген ушу экен да. Колумдагы миң сомду карап жалдырап туруп калдым. Анан дароо Насийкат эжеге сундум. “Карызыңды кийин төлөйсүң, буга кыздарыңа азык-түлүк алып бар”,-деп, албай түртүп койду.

Андан бери бир топ убакыт өттү. Кыйынчылыктардын баары артта калды. Азыр бир курулуш обьектисинде бригадирмин. Бүгүн айлык алдым. Ар нерсе көтөрүп алып келинчегим менен кыздарыма шашып баратам. Тамак ичпей мени күтүп отурушканын билем.

Ии баса, күн сайын көчөбүздүн башындагы Насийкат эженин дүкөнүнө кирип эженин акыбалын сурап, ыраазычылыгымды айткандан тажабайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт