// //

Жолдошум үчүн көп нерседен баш тарттым, бирок ал аны баалаган жок

2020.10.22, 09:28
1728

Мен жогорку билимдүүмүн, жакшы жумушта иштедим, ошол мезгилде турмушка чыктым. Жолдошум момун, жакшы киши, мага жаман сөз айтчу эмес.

Биз баш кошкондо эч нерсебиз жок болчу, өзүм аракет кылып жүрүп бардыгына жетиштим. Жолдошум кейибесин деп жокту билгизген жокмун. Атамдын бир туугандары колунда бар адамдар, ашыкча чыгым болбойлу деп жалаң эжемдердин эскисин кийип, жолдошумду аны алып бер, муну алып бер деп кыйнабадым.

Ошентип тогуз жыл өттү. Эки кыздуу болдук. Улуу кызыбыз катуу ооруганынан ага сарысанаа боло берип, өзүмдө богок оорусу пайда болду. Мен ооруп калгандан тартып, жолдошум мага мамилесин кескин өзгөрттү.

Какшыктап, кагып-силкип турат. Мени аябайт, оор жумуш жасап жатсам, жардам бербейт, басып кетет. Кайын журттун көзүнчө кыялы эки эсе кармайт.

Ар бир жасаган мамилесинен жүрөгүм ооручу болду. Мен жолдошум үчүн тааныштарыман, досторуман баш тарттым, ал үчүн кайын журттун, кайын эненин кылыктарын көтөрдүм, ал үчүн жокчулук күндөргө да чыдадым. Эч качан, эч кандай чыр чыгарып, ызы-чуу салган эмесмин.

Мындан ары кандай кадам жасашты билбей калдым. Мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.10.2020, 09:29

Нургуль Барпиева

Психолог

Саламатсызбы. Так ушундай суроолор менен бир топ аялдар кайрылышат. Сиздикиндей көйгөй көпчүлүк айымдарга тиешелүү.

Сизге суроо: эмне үчүн чыдадыңыз? Эмне үчүн акырын болсо да күйөөңүзгө эмне керектигин, эмнеге муктаж экениңизди, эмне жагып, эмне жакпай жаткандыгын билдирген жоксуз? Же күйөөм кетип калат, деп корктуңузбу? Сиз өзүңүздү сыйлайсызбы? Өзүңүздү жакшы көрөсүзбү?

Өзүн сүйгөн жана сыйлаган адам мындай мамилеге жол бербейт. Ар дайым жеке пикирин жеткизгенге аракет кылат, өзүнүн кызыкчылыгын коргойт, башканыкын да сыйлайт. 

Сиз башынан эле коп нерсеге макул болгон экенсиз. Жолдошум деп отуруп, өзүңүздү унутуп коюпсуз. Эми кайра аны күнөөлөп жатасыз. А чындыгында, кептин бары сизде. Кайдыгер, орой мамиле кылууга сиз уруксат бергенсиз.

Мындан ары өзүңүздү кабыл алып, сыйлаганды үйрөнүңүз. Сизге жаккан иштер менен алектенип, жакшы, жан дүйнөсү сизге жакын адамдар менен баарлашкыла. Көтөрүңкү маанайда жүрүңүз. Өзүңүзгө болгон ишенимди өзүңүз көтөрүңүз.

 Акыркы жолу качан жаңы көйнөк сатып алдыңыз эле? Салонго барып чач жасатпаганыңызга канча болду? Мен сизге психологго кайрылып, терапия алууну сунуштайм.

Бактылуу болуу өзүңүздүн колуңузда

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

 

Психолог Нургуль Барпиева менен инстаграмдагы @nurguil_barpieva_psyhologist баракчасы аркылуу байланыша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт