Фирма аркылуу чет өлкөгө кетем, мыйзамдуу иштегенин кантип текшерсем болот?
Саламатсызбы. Мен бир фирма аркылуу чет өлкөгө жумушка кетейин дегем. Ал фирма мыйзамдуу иш жүргүзөөрүн кантип билсем болот? Же кайсы жерлерге кайрылышым керек?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Сиз кайрылган фирмадан катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн, фирманын уставын, андан тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө орноштуруу боюнча уруксат кагазын талап кылсаңыз болот. Бул документтер менен таанышып чыгууга толук акыңыз бар.
Андан тышкары minjust.gov.kg сайтындагы, юридикалык жактардын маалымат базасы бөлүмүнө кирип, аталган фирма чындап эле КРдин Юстиция министрлигинде катталып же катталбаганын текшерсеңиз болот.
Ал эми бул oec.kg КРдин Миграция кызматы. Мында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө орноштурууга уруксат алган фирмалардын тизмеси бар. Ошондой эле өз милдеттерин аткарбай түрдүү мыйзам бузууларга жол берген мекемелердин кара тизмеси да бар.
Ийгилик!
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?