Презервативди колдонгон эркектин ден соолугуна зыян эмеспи? Урологдун жообу
Саламатсызбы. Көп убакытка чейин презерватив менен кошулуу эркектин ден соолугуна зыян эмеспи? Мен презерватив менен кошулгандан бери бөйрөктөрүм ооруп баштады.
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатчылык. Жок, презерватив менен колдонуу ден соолукка зыян эмес. Тескерисинче, бир топ жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардан сактап, пайдасы көбүрөөк тиет.
Ал эми бөйрөгүңүздүн ооругандын себеби такыр башка. Презерватив менен бөйрөк оорунун ортосунда эч кандай байланыш жок.
Андан көрө эртерээк урологго кайрылып, консултация алып, себебин аныктаңыз. Балким бөйрөгүңүз эмес, белиңиз ооруп жаткандыр.
Ден соолукта болуңуз.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет