Ар дайым шашкалактап жүрөм, кантип бул адаттан арылам? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Менин жашым 22де. Менин көйгөйүм, ар дайым шашакалактап жүрөм. Бул нерсенин өзүмө эле зыяны тиет. Мисалы машине айдап баратып жол эрежелерин бузам, башка айдоочуларга тоскоол болом. Кийин айып пул төлөөгө дуушар болом. Кантип бул адатыман арылсам болот?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Сиз сүрөттөп жаткан көрүнүш жөн гана адат болушу мүмкүн, ошол эле учурда психологиялык көйгөй да болушу ыктымал.
Ар дайым шашып жүрүү - гипперактивдүү жана көңүлдүн жетишсиздигинин синдрому (СДВГ - синдром дефицита внимания и гиперактивности) бар адамдарга тийиштүү болот.
Мындай диагноз кичинекей балдарга коюлат, бирок чоң адамдарда деле кездешет. Алар өзүндөгү көйгөйдү байкашпайт жана кадимкидей эле жашап жүрө беришет.
Машине айдаганда, бир нерсеге көңүлдү концентрация кылуу керек болгондо, гана кыйынчылыктар жаралат. Бардык нерсени көрүп, байкайт, жол белгилерин билет, бирок көрүп турган нерселерин бир “картинага” чогулта албайт. Ситуацияга баа бере албайт.
Бул жөн эле божомолдоолор. Сурооңузга так жооп алуу үчүн биринчи неврологго кайрылып, бир катар текшерүүлөрдөн өтүңүз. Эгер сиздеги көйгөйдүн медициналык себеби аныкталбаса, анда психологго кайрылып көрүңүз.
Ден соолукта болуңуз.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?