Аскерде медайым болуп иштөө үчүн чет өлкөдөн окуп келиш керекпи?
Саламатсызбы. Аскердик бөлүктө медайым болуп иштегим келет. Ал үчүн чет өлкөдөн окуп келиш керекпи?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатчылык. Аскерде медайым болуп иштөө үчүн медициналык билими болуп, аскер бөлүктө кызмат өтөш керек.
Ал эми чет өлкөгө жогорку медициналык билим алуу үчүн жөнөтүлөт. Мисалы Россия федерациясынын Санкт-Петербург шаарынын Аскерий-медициналык академиясында биздин курсанттар окушат, алар аскер дарыгери болуп чыгышат.
Мед айым болуу үчүн орто медициналык билим жетиштүү. Болгону аскер бөлүктө вакансия болуш керек, ошол жака кызмат өтөөгө кирсе болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Аскерде кызмат өтөө тууралуу дагы маалыматты бул жерден окусаңыз болот:
Азыркы учурда аскерге алып кетеби же жылдырылабы? Полковник жооп берет