// //

Чет өлкөдөн кызмат өтөсөм болобу? Полковник жооп берет

2020.02.03, 14:39
1063

Мен 22 жаштамын. Кенедей кезимен берки бир кыялым бар. Германия өлкөсүнө барып, аскер кызматын өтөп келгим келет. Бирок кантип муну ишке ашырса болот? Мүмкүн болсо, жардам бере аласыңарбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.02.2020, 14:40

Гүлзат Жарашева

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник

Саламатчылык. Биздин аскер кызматкерлерибиз башка өлкөлөргө чыкканда мамлекеттик куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлдөрү катары же БУУнун алдындагы байкоочу катары барып келишет. Мындай иш сапарларга иштеп жүргөн офицерлер гана бара алышат.

Сиз Кыргызстандын аймагынан ыкчам кызмат өтөсөңүз болот. Эгер жогорку билимиңиз болсо, анда офицер катары чакырылып, келечекте чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз пайда болот.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт