Баламдын ичи бир өтүп кайра токтоп жатат. Бул кооптуу эмеспи? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Балам 1,2 жашта. Он күндөн бери ичи өтүп, эки күн токтоп кайра башталып жатат. Ичи өткөндө былжырак ак нерсе (слизь) чыгат. Бул эмнеден? Кайсы жерге көрсөтүш керек баланы?
Мухабат Касымова
Педиатр
Саламатчылык. Баланы тез арада педиатрга көрсөтүп, дарылап баштаңыз. Заңын анализге тапшыруу керек.
Ич өткөктүн себептери абдан көп, аны көпкө создуктурган өтө кооптуу. Баланын организмдиндеги суюктук кескин төмөндөп, ал өз кезегинде башка оорулардын козголушуна, витеминдердин организмден жуулуп чыгышына, салмагын жоготуусуна себепкер болот.
Заңдын былжырак, илээшкек болушу коркунучтуу инфекциялык оорулардын же ички кан агуунун (внутреннее кровотечение) белгиси болушу мүмкүн.
Үйдөн дарылабастан, педиатрга же инфекциялык ооруканага кайрылыңыз.
Балаңыз тезирээк сакайып кетсин!
Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?