Бир компанияга 1000$ берсең үй алганга жардам берет экен. Буга ишенсе болобу?
Саламатсызбы. Мен үй алайын дегем. Анан мага бир компания бар, жардам катары 1000$ берсең, каалаган жерден үй сатып алат экенсиң. Ошол компания үйдүн жарым акчасын төлөп берет, калганын ипотекага катары төлөсө болот дешти.
Буга ишенсе болобу?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Алгач бул эмне болгон мекеме экенин текшерүү зарыл. Тагыраак айтканда анын уюмдаштыруучу (учредительные) документтерин, катоого турган күбөлүгүн (свидетельство), чынында эле юстиция органдарында катталганбы?
Андан тышкары тааныштардан, интернеттен компания тууралуу маалымат чогултуп, алардын репутациясын билиңиз. Анткени учурда акчага алдаган шылуундар абдан көп. 1000$ оңой акча эмес.
Түзүлө турган келишимди анализдеп, шарттарын дыкаттык менен окуп чыгыңыз. Жакшысы, келишимге юридикалык баа берүү үчүн юристке көрсөтүп консультация алуу.
Дагы бир учурга көңүлүңүздү бура кетейин, турак-жай-сактык кредиттик компаниялардын ишмердүүлүгү лицензиянын негизинде жүрөт. Башкача айтканда, лицензиясыз жана атайын уруксат албай туруп, мыйзамдуу иш алып бара алышпайт. Демек, сиз айтып жаткан компанияда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан берилген лицензиясы болууга тийиш.
Сак болуңуз! Шылуундарга алданбаңыз.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?