Мен 18 жаштамын, атаман алимент өндүрсөм болобу? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Атам кичинекей кезибизде бизди таштап кеткен. Жашап жаткан үйүбүздү да сатып салган. Мен азыр 18демин. Атаман алимент өндүрсөм болобу?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Кутман күн! Эгер сиз билим берүүчү мекемеде күндүзгү бөлүмдө акы төлөнүүчү негизде окуп жатсаңыз, сот атаңызды сиз 21 жашка чыгып жана окууну аяктаганга чейин сизди камсыздоого милдеттендире алат. Академиялык өргүү алууну эске албаганда.
Билим берүүчү мекемелерде окуп жаткан жана жардамга муктаж болгон 18 жаштан 21 жашка чейинки балдар үчүн төлөнүүчү алименттин өлчөмү сот тарабынан бекитилет жана окуу акысынын 50%ын түзөт.
Андан тышкары мыйзамга ылайык, ата-эне эмгекке жарамсыз жана жардамга муктаж жашы жеткен балдарын камсыздоого милдеттүү. Эмгекке жарамсыз жашы жеткен балдарды камсыздоо үчүн алименттин өлчөмү сот тарабынан туруктуу акча суммасы түрүндө бекитилет жана ай сайын төлөнүүгө милдеттендирилет. Мында үй-бүлөнүн материалдык абалы жана башка көңүл бурууну талап кылган кызыкчылыктары эске алынат.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?