Варикоцеледен кийин гидроцеле болдум, эмне кылсам болот? Урологдун жообу
Саламатсызбы. Мен ушул жылдын январь айында варикоцеле деген диагноз менен операция болгом. Андан кийин деле оорута бергенинен кайра барып, УЗИге түшсөм гидроцеле деген диагноз коюшту. Эмне кылсам болот?
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатсызбы. Гиидроцеле – бул калтада же урук каналында ашыкча суюктуктун чогулуп калышы. Чоң кишилерде адатта 20-30 жаш куракта пайда болот.
Өзүнөн-өзү гидроцеледе коркунуч деле жок. Бирок кокус бактериалдык инфекция жугузуп алсаңыз тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.
Эгер мындай диагноз коюлса, анда аны да операция жасатуу керек.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет