// //

Спортивкасын чечпеген жигитим костюм-шым кийип оозумду ачырды

2020.10.01, 16:52
9753

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жигитине ыраазы болгон кыздын баянын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Шымынын тизеси чыккан, күрмөсүнүн сыдырмасы бузулган, бутунда шлепка

- Эмнесин сүйөсүң?

- Ак көңүл, боорукер, жүрөгү таза, аракетчил...

- Токтосоң. Келбети кандай? Сүрөтү барбы?

- Мммм... Көрсөтпөй эле коюнчу.

- Баары бир Канышайдын тоюнан көрүп алабыз.

Жакында Канышай деген курбубуздун тою болот. Кыздар жигиттерибиз менен чакырылдык. Башкалардыкы менен таанышкам, меникин али эч ким көрө элек. Анткени, сүйлөшкөнүбүзгө аз эле болду. Ошон үчүн баарына кандай адам экени кызык болуп жатат.

Буга чейин Залкардын кебетесине такыр көңүл бурган эмесмин. Чын айтып жатам, жүрөгүмдү сырткы көрүнүшү эмес, жылуу мамилеси менен багынткан.

Ар дайым спортивка кийип жүрөт, шымынын тизеси чыккан, күрмөсүнүн сыдырмасы бузулган, бутунда шлепка. Жумуш деп жүрүп чачын алдырганга убакыты жок.

Кыздарым менен тааныштырып жатканымды элестеттим. О, кокуй! Баары бир адам кийимине карап тосулуп, акылына карап узатылат да, туурабы? Тойго барбай эле койсомбу? Кандай шылтоо тапсам экен? 

Дал ошол учурда Залкар чалып, тойго эмне алып баралы деп сурады. Эх, баары бир сүйөт экенмин, көңүлүн оорутпай эле коюну чечтим. Белек маселесин чечип алган соң, өзү сөз баштады.

- Сен эмне кийип барасың?

- Кыздар окшош көйнөк киебиз. Сенчи?

- Спортивкамды эле.

- Ммм...

- Эмне болду? Баары жакшыбы?

- Ооба, баары жакшы, макул көрүшкөнчө.

- Макул, өзүңө сак бол.

Той. Ресторан. Курбуларымдын жигити эбак эле келген. Меники жок. Чалсам албайт. Бир убакта, гүлдесте көтөргөн бейтаныш сулуу жигит мага кол булгалады. Костюм-шымы, чач жасалгасы бир укмуш, атыры өзүнөн мурда эле жаныма жетип келди. Ким болду экен? Жакшылап карадым. Залкар! 

Жигитимдин мынчалык келишимдүү экенин билген эмесмин. Кыздарыма кошулуп менин оозум ачылып калды.  

Баары менен сылык учурашып, гүлүн той ээсине тапшырды. А менин ачылган оозум али жабыла элек.

- Спортивка кийип келем дебедиң беле.

- Мени курбуларың менен тааныштыра турганыңды билгем, ошон үчүн тамашалап койгом. Билем, кээде өзүмдү карабай жүрө берем. Бирок, сен үчүн маанилүү болгон күнгө кол шилтеп кое албайм. Ар дайым мени менен сыймыктанышыңды,  жанымда башыңды көтөрүп жүрүшүңдү каалайм. Дагы бир нерсе айтайынбы?

- Айт.

- Сенин жаныңда күн сайын жакшырып баратканымды байкап жатам. Бул үчүн сага чоң рахмат!  

- Залкар?

-  Оу.

- Бирок кээде жанагы тизеси чыккан шымыңды кийип тур э, болбосо кызгана баштадым.

Каткырып бетимден өптү. Айттым эле го, жигитим сонун адам деп. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт