// //

Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар, кайсы жерден алса болот?

2020.10.01, 09:41
3834

Грипп курч респирадордук вирустук инфекциялар тобуна кирет. Ооруну грипп вирусу козгойт. Көпчүлук адамдар басып жүрүп эле жакшы болуп кетишет, бирок айрымдар оор көтөрүп, өнөкөт ооруларын күчөтүп жибериши мүмкүн.

Грипптин негизги симптомдору:

  • дене табынын котөрүлүшү;
  • чыйрыгуу;
  • шалдыроо;
  • мурун бүтүү же суу агуу;
  • баш оору;
  • жөтөл, тамак кычышуу;
  • муундардын оорушу.

Грипптен сактануу үчүн дарыгерлер вакцинация алууну сунушташат. Анын кандай зарылчылыгы бар, канча турат жана кайсы жерден жасатса болот деген суроолорго Ооруларды алдын алуу жана санэпид көзөмөлдөө департаментинин дарыгери, эпидемиолог Чынара Мамбеталиева жооп берди.

Грипке каршы вакцинацияны алуу кимдерге сунушталат?

Биринчи кезекте социалдык жактан аяр топтогу жана тобокел топтогу адамдарга сунушталат. Буларга вакцинация мамлекет тарабынан акысыз жасалат. Ал эми калган жарандарыбыз өз эрки менен өздөрүнө жана балдарына алышса болот. 

Грипке каршы эмдөөнүн кандай зарылчылыгы бар?

Күз-кыш мезгилдери грипп оорусунун, састымоо жана башка курч вирустук инфекцияларынын күч алган мезгили. Ошого байланыштуу эмдөө иштери жүргүзүлөт. Бул илимий изилдөөлөрдөн өткөн, көп ирет натыйжалуулугун көрсөткөн, абдан эффективдүү каражат.

Эмдөөнү алуу үчүн алдын ала даярдык көрүү керекпи?

Атайын даярдыктын деле кереги жок. Бирок бир нече каршы көрсөтмөлөрү бар. Маселен, вакцинанын курамында жумуртканын белогу бар. Эгер адамда жумуртканын белогуна аллергиясы бар болсо ага мындай вакцина алган болбойт. Андан тышкары мурунку жылдары эмдөөдөн өтүп, аллергиялык реакциялары пайда болсо, же эмдөөгө келген учурда дене табы көтөрүлүп, мурду агып жаткан болсо, ага вакцинация жасалбайт.

Гриппке каршы эмдөө алуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Эмдөө бардык үй-бүлөлүк медициналык борборлордо жана жеке менчик клиникаларда жасалат.

Вакцинаны баасы канча сом?

Жеке менчик клиникаларда гриппке каршы эмдөөнүн акысы 400 сомдон 750 сомго чейин.

Грипке каршы эмдөөдө кандай вакциналар колдонулат?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул жылдын февраль айында эле өз рекомендацияларын берген. Алардын сунушуна ылайык,  быйыл да Россияда өндүрүлгөн “Гриппол плюс” вакцинасы колдонулууда. Бул төрт валенттик вакцина, анын курамында “грипп А”, “грипп В” бар.

Быйылкы вакцина мурунку жылдан эмнеси менен айырмаланат?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жыл сайын кайсы вирустун штамдары көбүрөөк болуп жатканын аныктап, ошол изилдөөлөрдүн негизинде сунуштайт. Быйылкы “Гриппол плюс” былтыркыдай эле.

Гриппке каршы вакцинациядан өтсө такыр грипп болуп оорубайбы?

Бул вакцина “грипп А”, “грипп В” дегенден сактайт. Ал эми өткүр курч вирустук инфекциянын 200дөн ашык түрү бар. Эмдөөдөн өткөн адам башка түрлөрү менен деле ооруп калышы мүмкүн.

Коронавирустун экинчи толкуну башталып жатат, грипке каршы эмдөө жардам береби?

Аты айтып тургандай бул гриппке каршы вакцина, ал коронавирустан коргобойт. Бирок келаткан грипттин эпидсезону коронавирустун экинчи толкунуна туш келип калышы мүмкүн. Мындайды микс инфекция деп аташат. Гриппке каршы жүргүзүлүп жаткан эмдөө иштери грипттин жеңил формада өтүүсүнө шарт түзөт.

Вакцинаны алгандан кийин кандай кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн?

Көп деле кыйынчылыктар болбойт. Бир аз дене табы көтөрүлүп, шалдыроо байкалышы мүмкүн. Бирок андан коркуунун зарылчылыгы жок, бул белгилер бат эле өтүп кетет. Гриппке каршы иммунитет эмдөө алгандан кийин 2-4 жуманын ичинде калыптанат.

Вакцинанын таасири канча убакытка жетет?

Гриппке каршы вакцина жылына бир жолу жасалат, демек, адамда бир жылга чейин иммунитет пайда болот. Эмдөөнү эпидсезон башталганга чейин жасатып алууну сунуштайбыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт