// //

Жолдошбек Жунушев: “Кыргызстан” партиясы ишкерлерди колдоого басым жасайт”

2020.09.30, 12:58
1638

Жолдошбек Жунушев, "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Ал көптөгөн жылдар бою ишкердик менен алектенген. 2018-жылдан тартып мамлекеттик кызматтарды жетектеген.

- Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

- Партиянын мүчөлөрү негизинен тажрыйбалуу,  жумуш орундарын түзүп, өлкө аймагында көптөгөн ишканаларды курган адамдар. Алар бизнес кандай олуттуу көйгөйлөрдү баштан кечирип жаткандыгын  жакшы билишет.

Айрым шайлоочулар көп айтат,  “талапкерлер парламентке өз бизнесин коргоо үчүн барат” – деп. Эгер өлкөбүздө бизнес жүргүзүү үчүн оор шарттар болсо, алар кандай жол менен жөнгө салынмак эле? Өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү бизнеске байланыштуу болгондуктан, бизнес дагы юридикалык колдоого муктаж. Ошондуктан ишкерлердин үнү Жогорку Кеңеште угулушу керек. Эгерде өнөктөштөрүңүз жана сиз менен иштеген, өнүмүңүздү сатып алган адамдар кыйынчылыкта жүрүшсө, анда компанияңызды гана коргоонун кандай мааниси бар?

- Депутат болуп калсаңыз, кандай маселелердин үстүнөн иштөөнү көздөп жатасыз?

- Мен экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн максаттуу түрдө Жогорку Кеңешке аттандым. Экология тармагында жасай турган иш абдан көп.

- Өзүңүздүн пландарыңызды ишке ашырам деп ойлойсузбу? Ошондой эле депутаттын ишин жалпысынан кандай элестетесиз?

- Мамлекеттик кызматта иштеп жүргөңдө мен Жогорку Кеңештин отурумдарына көп катыштым. Шайлоочулар тарабынан парламент депутаттарынын өздөрүнө карата айтылган сын-пикирлерге карабастан, көпчүлүк депутаттар компетенттүү, мыйзамдарды жакшы билген, кесипкөй адамдар экенин билем. Эл өкүлүнүн иши оор. Бирок биз өлкө үчүн, Кыргызстан үчүн иштөөгө даярбыз. Биз балдарыбыз үчүн гүлдөгөн республиканы кургубуз келет.

- Өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз.

- Мен өзүм мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулгам. Атам жана апам -экөө тең мугалимдер. Айылда чоңойгом, кийин жашоо турмушка байланыштуу шаарда жашап, иштей баштадым.  Билимим боюнча экономистмин. Эмгек жолумду 1995-жылы Бишкек шаарында Салык инспекциясынын инспектору болуп иштөөдөн баштагам. Көп жылдар бою курулуш тармагында ишкердик менен алектенгем.  Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгом. Жогоруда айтылгандай, Мамэкотехинспекцияны жетектегем.

Ошол жерде иштеп жатып мен ишканалардын, ошол эле заводдордун, фабрикалардын кандай иштээрин, алардын көйгөйлөрүн көрдүм. Менин оюмча, аларды иш жүзүндө чечүүгө убакыт келди.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 30-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт