// //

Наталья Кулматова: “Ишкер аялдардын укугун коргоого көңүл бурам”

2020.09.28, 15:54
1082

25 жылдан бери ишкерлик менен алектенип келген Наталья Кулматова “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер болуп бара жатат. 

Ал эмне  үчүн “Кыргызстан” партиясын тандаганын, өлкөдөгү ишкер жана саясаттагы аялдардын орду жөнүндө айтып берди.

- Эмне үчүн "Кыргызстан" партиясынын катарында депутаттыкка ат салышып жатасыз?

- Мен “Кыргызстан” партиясына 2016-жылы кошулуп, төрт жылдан бери мүчө болуп кел жатам. Ушул убакыт аралыгында биздин команда алдыга койгон максаттарга жете алаарына көзүм жетти. "Кыргызстандын" башкы милдети - өлкөнү оор кырдаалдан алып чыгуунун жолдору менен механизмдерин талдоо. Биз адамдардын жашоосундагы негизги маселелерди - коопсуздукту, ден-соолукту чыңдоо, жумуш менен камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү, пенсионерлерге сый-урмат жана татыктуу жашоо, аялдарды коомдук саясий иштерге жана чыгармачылыкка тартуу, ошондой эле экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасайбыз.

- Сиздин оюңуз боюнча, Кыргызстанда аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү кайсы деңгээлде?

- Кыргызстандагы аялдардын ишкердүүлүгү күч алып, рыноктун толук кандуу бөлүгүнө айланууда. Күн сайын ишкер аялдар жаңы бийиктиктерди багындырышат жана бул мени абдан кубандырып, шыктандырат. Ошол эле учурда, мамлекеттин жана жалпы коомдун колдоосу жетишсиз болгондуктан аялдардын демилгеси айрым учурларда чектелип калат.

- Жеке ишкердикти баштоого же саясатка барууну каалагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Мен айымдарга, биринчиден өзүңө ишен, экинчиден, бир нерсе жасап башта деп кеңеш бергим келет. Адегенде кичинекей кадамдар менен максатка карай умтулуу керек, эмгектенген адам сөзсүз натыйжага жетет. Саясат болобу же бизнес болобу, аялдардын эркектер алектенген чөйрөгө барып иштөөсү, аларды автоматтык түрдө "жаман" аялга же энеге айланат дегенди билдирбейт. Ар бир айым экономикалык жактан көзкарандысыз жана телегейи тегиз болууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга, ийгиликтүү жана бактылуу болууга умтулуусу керек.

- Аялдарды бизнесте колдоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну пландап жатасызбы?

- Албетте, аялдардын ишкердигин гана эмес, жалпы эле бизнести, айрыкча мамлекеттин экономикасынын негизи болгон чакан жана орто бизнести колдоону пландап жатам. Дагы бир жолу, коронавирус пандемиясы биздин ишкерлер үчүн мамлекеттин колдоосу канчалык деңгээлде экендигин, салыктын акыйкат шарттарын жана банк насыяларын алуу мүмкүнчүлүгүн таасын көрсөттү.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А.  «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 28-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт