// //

Кантип тигүү цехин ачса болот? Жеке ишкер Асель Атабековадан 7 кеңеш

2020.09.28, 11:58
2469

 

Жеке ишкер, “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Асель Атабекова түз эфирибизде конокто болуп, окурмандарга  кантип тигүү цехин ачса болору тууралуу кеңеш берди.

1. Бизнес баштар алдын, алгач өзүңүзгө “Бул нерсе мага жагабы?” деген суроону узатыңыз. Ушул суроого жооп бергенден кийин эмне кылуу керек экени анык болот. Себеби ар бир жумуш чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Өзүңүзгө жакпаган нерсе менен эч кандай натыйжага жете албайсыз.

2. Ар бир ийгиликтин алды билим болуп эсептелет. Тигүү цехин ачам деп чечип, алгачкы кадамды таштар алдын ал тармакты терең изилдеп чыгыңыз: атандаштарды, кандай кийим жана ким үчүн тиге турганыңызды.

3. Багытыңызды аныктадыңыз, эми өндүрүш жана бизнес жүргүзүү курстарынан өтүшүңүз зарыл. Бул нерсенин негизги максаты – тигүү машиналарынын кандай түрлөрү бар, кайдан алып келсе болот, кандай көйнөктөрдү тиккенге жарайт ж.б ушул сыяктуу суроолорго жооп бере тургандай болушуңуз керек.

4. Жумушту баштап жатканда имаратты сатып алам деп убара болбоңуз. Ижарага алуу алда канча кирешелүү экенин эсиңизден чыгарбаңыз.

5. Ар бир жумуштун ийгилиги туура адистерди тандоодон көз каранды. Бул үчүн биринчиден өзүңүздө ылайыктуу билим болушу керек.

6. Кредит алуу менен иш баштоо чоң даражадагы риск. Эгер өзүңүздүн тажрыйбаңызга жүз пайыз ишенсеңиз, чыгарган продукцияңыз суроо-талап жаратарына көзүңүз жетсе, ошондо гана кредит алыңыз. Болбосо, кичинеден баштай бериңиз.

Акырындап чоң ийгиликтерге жетесиз.

7. Сапаттуу, атандаштардын баасынан бир аз төмөн, дал ошол учурда суроо-талапка ээ болуп жаткан кийимдерди тиксеңиз, баарынан алдыда болосуз.

Чоң жумуш баштагандан эч качан коркпоңуз. Эмне үчүн коркосуз, билесизби? Анткени кемчиликтериңизди сезип жатасыз. Кагаз алыңыз, ал жерге кемчиликтериңизди жазыңыз, андан кийин аларды жоюу үчүн ар бирөөнүн үстүнөн иштеңиз. Мисалы, билимим жетишсиз десеңиз, курстарга барыңыз.

Өзүңүзгө ишенип, талыкпай эмгектенсеңиз сөзсүз ийгиликке жетесиз.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 28-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт