// //

Эмдигиче төркүлөтүп чакыра элек! - деп кайын энем мени кемсинте берет

2020.09.25, 11:35
4683

Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма беш жыл болду. Жогорку окуу жайды бүтүрдүм. Кайын энем, “балам окутту”, “балам мынтти-тигинтти” деп көп айтат. Болбосо, өз күчүм менен бюджетке өтүп окудум.

Атам каза болуп калган, апам эмдигиче төркүлөтүп чакыра элек. Ошону ар дайым айтып, мени кемсинте берет. “Төркүнү жокпу? - дешет мага элдер”, “Элге уят болдум” – дейт.

Мен үйдүн улуусумун, иним менен сиңдим жаш. Апамды кыйнап, чакыргыла дей албайм. Иштейм, өз киймимди өзүм таап, кайын журтум сураган нерселерин алып берип турам. Ишенесиңерби, ушу күнгө чейин апама бир көйнөк алып бере элекмин.

Чай ичип отурганда ар кимдин келинин мактайт. Биздин алып бергендерибизге эч эле ыраазы болбойт. Кайын энем көңүлүмдү оорутуп бүттү. Бул кишиге кандай мамиле жарашат?

Жолдошум жакшы эле адам. Ага айтып, кайын энеме каршы үгүттөгүм келбейт. Болгону мени түшүнсө. Майда нерселерге көңүл бурбай, элдин сөзүнө кирбей жашаса, дейм.

Кээде жалгыз уулга турмушка чыкканыма аябай өкүнөм. Бир гана балдарымды аяйм. Эмне кылсам? Мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.09.2020, 11:35

Нургуль Барпиева

Психолог

Саламатсызбы. Сизге суроо: кайын энеңиз баласын жалгыз өстүргөнбү? Адатта, жалгыз бой аялдар балдарын аябай кызганышат, аны өзү да байкабайт.  

Дагы бир суроом: кайын энеңиздин бала чагы, келин болуп келген кези кандай өткөн? Чоң кайын энеңиз ага кандай мамиле кылчу экен? Кайын атаңыз экөөнүн мамилеси кандай?

Сизге бере турган кеңешим, кайын энеңиздин жакшы сапаттарын издеп көрүңүз. Ал эмнеге кызыгат, эмнелерге кубанат, эмнени жакшы көрөт? Ушуларды өзүнөн сураңыз. Майда барат нерселер менен кубантууга, көңүлүн алууга аракет кылыңыз.

Күйөөңүздү энесине каршы кайраштырбагыңыз да мактоого татыктуу. Сиз мыкты жубай экенсиз.

Ошол эле учурда, өзүңүздүн позицияңызды, көз карашыңызды, чек араңызды коргоңуз. Унчукпай кутулбастан, чырдашып урушуп же таарынып басып кетпестен, жайдары өз пикириңзди билдириңиз.

Сизге кыйын болуп турганын түшүнүп турам. Өзүңүзгө жардам бергенге аракет кылыңыз. Ичтен сыздап, стресс болуп жүрө бергениңиз өзүңүзгө эле кыйын болуп калат. Шартыңыз болсо психологго кайрылыңыз.

Бактылуу болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

 

Психолог Нургуль Барпиева менен инстаграмдагы @nurguil_barpieva_psyhologist баракчасы аркылуу байланыша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт