Заара кылганда жыныстык мүчөм ачышат. Үй шартында эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Заара кылганда эркектик мүчөм ачышат. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Үй шартында дарыласа болобу? Урологдон кеңеш алып бериңизчи?
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатчылык. Заара чыгып жатканда ачышканы көптөгөн оорулардын белгиси болушу мүмкүн, алардын бири цистит. Сиз айткан сөздүн негизинде гана диагноз коюп, дары жазып берүү мүмкүн эмес.
Сөзсүз урологго барып, консультация алыңыз, анализдерди тапшырып медициналык текшерүүдөн өтүңүз. Ошондон кийин себеби аныкталып, дарылоо жолу жазылат.
Үй шартында дарылануу мүмкүн эмес.
Ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет