// //

Жаңы жашоого жол табамбы?

2018.02.13, 15:40
2747

“Эч бир адамга ичимдеги сырымды, оюмду айта албайм. Жашым болсо 23 тө. Анан калса досторум да жок, ишенген бир досум бар, бирок ал коңгуроо кылса же кат жазса дароо урушуп кетем. Күнүмдүк жашоом “үй жумуш, жумуш үй” менен коштолот, ашыкча эч жакка барбайм, мындай жашоодон жадап кеттим. Ата-энем, бир туугандарым бар, алар менен ар кандай сырларым, көйгөйлөрүм жөнүндө сүйлөшө албайм”-деген суроо менен окурманыбыз кайрылган эле. Мындай көрүнүштөр балдар жана жаштар арасында көп кездешкендиктен психолог Бермет Наралиева жооп берди.

Азаматсыз! Өзгөрүүгө умтулуп, себептерин табууга аракет жасаганыңыз бул жакшы кадам. “Үй жумуш, жумуш үй” болуп эч жакка барбай тажап кетсеңиз, өзүңүз жалгыз жүргөндөн жадап, протест жасаганыңыз бул өзгөрүүгө болгон аракет. Жеке жолугушуу болсо сиздин өзүңүздү баалооңуз боюнча, психикаңыздын өсүүсүндөгү эмоционалдык бузулуулар туурасында, пикир алышуудагы тоскоолдуктар туурасында маселе карамакпыз. Ошентсе да 23 жаш куракта бир адам менен чечилишип сыр бөлүшө албасаңыз, бир да дос күтпөсөңүз, ишенген бир дос болсо аны менен да урушуп кетсеңиз, билген эле алектенүүңүз жумуш болсо, урматтуум, мунун баарына ким же эмне күнөөлүү деген суроого сизден жооп алууга кызыкдар элем, ошол маселенин тегеренинде пикир алышып жол тапсак эмнеге болбосун.

23 жаш жетилген курактын алгачкы этабы, элибизде айтылгандай кирээр акыл кирип, чыгаар акыл чыгып, ак-караны айра таанып, эмне керек жана эмнени каалайсыз даана билип калган курак.

Бул куракта дем берүү компоненти - адамдын импульсивдүүлүгү басаңдап, ар нерсени шашылбай акыл калчап чечимди өз алдынча кабыл алып баштайт. Өз кылык жоругуна, башкалардын жасаган иш аракеттерине маанилүү анализ жүргүзүп калат. Ар тараптан инсандык касиеттери калыптанып баштайт.

Баардык каалоо мүмкүнчүлүктөрүңүздү ишке ашыруу үчүн: позитивге көңүл буруу, өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, актуалдуулукту сезүү, башкача айтканда сиз кимгедир керек же баалуу экендигиңизди сезүү болушу керек.

Баардык нерселердин кызыксыз болушунун себептери:

  • Сизде позитивдүү көңүл коюу болбой жатат.
  • Ишеним жок. Балким өзүңүзгө берген бааңыз да төмөн.
  • Өз каалоо-тилектериңизди ишке ашыра албай кыйналып жатасыз. Пикир алышууңузда чоң маселе жатат.

Бул нерселерге сиз күнөөлүү эмессиз. Көбүнчөсү мындай маселелердин себептери бала кезде алган тарбиядан, ата-энелерге, тегерегиндегилерге көз каранды. Психолог Зигмунд Фрейд: “Ар бир адам бала кезде башынан бир нече окуяларды кечирип ага таасирленип, кийин чоң турмушта ошол нерсенин жообун издеп табууга аракеттенип жашайт” -деп жазат. Сиз психоаналитикалык изилденүүгө муктажсыз. Сиздеги бар мүчүлүштүктөрдү жолго салууга сөзсүз болот. Баары өз колуңузда, бирок аларды өз алдынча түздөп, ондоп жөнгө салуу үчүн психологдун да жардамы керек болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт