// //

Ар бир эне өспүрүм кызына интимдик гигиенанын эрежелерин айтып берүүгө милдеттүү

2020.09.08, 13:05
5181

Биздин маданиятта интимдик гигиена тууралуу ачык айтып берүү салты калыптанган эмес. Көпчүлүк апалар ал жөнүндө кыздарына айтып бергенден уялышат – дейт гинеколог Жамиля Сагинова.

Адистин пикри боюнча, маалыматтын жетишсиздиги, же туура эмес маалыматтын берилиши көптөгөн гинекологиялык ооруларга себепкер болуп жатат. Ошондуктан бул тууралуу өз убагында айтып берүү зарыл.

“Гигиенаны сактоо эрежелерин айтып эле тим болбостон, аны туруктуу сактоо маанилүү. Өспүрүм курактагы гигиена бала чактагы гигиенадан да маанилүү, себеби кыздардын организминде бир катар өзгөрүүлөр жүрө баштайт” – деди Сагинова.

Жыныс кынынын былжыр чели кыз төрөлгөн күндөн баштап эле суюктук бөлүп баштайт. Ал эми өспүрүм куракта гормондордун таасири алдында суюктуктун бөлүнүүсү көбөйөт. Алар жыныс кынынын сыртында, ич кийимге чогулуп калат. Өз маалында жуунуп, ич кийимди которуп турбаса, терини сезгентип, кызартып, ыңгайсыздык жаратып, кычыштырат. Буга инфекция же микроорганизмдер кошула турган болсо гинекологиялык ооруга алып келет.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Бактыгүл Усубалиеванын айтканына ылайык, ар бир адамдын жеке гигиена каражаттары болууга тийиш, алар: самын, сүлгү, мочалка, тиш щетка, тарак. Бул буюмдар адамдын өзүнө гана тиешелүү болуп, эч ким менен бөлүшүп, колдонбошу керек.

Интимдик гигиенанын негизги эрежелери:

  • Этек кири келе элек кыздар жыныс кынын күнүнө 1-2 жолу жууп турушу керек. Колдон келсе душка түшүп жуунган жакшы.
  • Жуунардын алдында жана жуунуп бүткөндө колду жакшылап самындап жууп алгыла.
  • Жууна турган суу сөзсүз жылуу болууга тийиш. Муздак жана өтө ысык суу менен жуунган болбойт.
  • Интимдүү гигиена үчүн атайын каражаттарды, же балдар самынын колдонсо болот. Кир самын, атыр самындарды колдонуу сунушталбайт. Булар жыныс органдын ичиндеги микрофлораны бузуп, кургатып жибериши мүмкүн.
  • Алдыдан артты көздөй жууну керек, башкача айтканда, биринчи жыныс кынын, андан кийин көтөндү. Антпесе, заң менен чыга турган бактериалардын жана мите курттардын жыныс кынына кирип кетүү коркунучу пайда болот.
  • Мочалка колдонгон болбойт, алар жыныс кындын назик терисин тытып салышы мүмкүн.

Этек кири келип жаткан учурда интимдик гигиенага өзгөчө көңүл буруу зарыл

  • Этек кири келип жатканда жылуу суу менен күнүнө 2-3 жолу жуунуп туруу сунушталат.
  • Дүкөндө жана дарыканаларда сатылган атайын прокладкаларды же марлиден жасалган прокладкаларды колдонсоңор болот.
  • Кан микробдордун көбөйүүсү үчүн эң оптималдуу чөйрө экенин эсиңерден чыгарбагыла. Ошондуктан прокладканы 4 саатта бир алмаштырып туруу зарыл.
  • Этек кири келип жатканда мончого, бассейнге жана ачык көлмөлөргө түшкөнгө болбойт.
  • Ал эми жыныстык катнаш менен жашаган кыздар айызы келип жаткан учурда кошулуудан баш тартуусу зарыл.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт