18 жашка чыга электерди жумушка албайт деп жатышат. Бул чынбы?
Саламатсызбы. Мен 17 жаштамын. Быйыл биринчи курска тапшырып, Бишкекке келдим. Азырынча убактылуу алысыраак туугандарымдын үйүндөмүн.
Тезирээк жумуш таап, өзүнчө квартирага чыгышым керек болуп жатат. Бирок мага 18ге толо электерди эч жака жумушка албайт, деп айтышты. Бул чынбы? Ошондо мен иштей албай каламынбы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, жумуш берүүчү менен эмгек мамилесине өткөн физикалык жак жумушчу болуп саналат. Жаш кургаы 16 жаштан өйдө болгон жарандар жумушчу боло алышат. Айрым же өзгөчө учурларда гана 15 жашка чыккан өспүрүмдөрдү жумушка кабыл алууга уруксат берилет.
Ал эми сиз 17 жашта экенсиз. Демек жумушка кирип иштей аласыз.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?