lD картты залогго коюп кеткен адам башка паспорт жасатып алалабы?
Саламатсызбы. Суйрайын дегеним, бизге бир адам lD картасын залогго коюп кеткен. Анан ошол адам, паспортум жоголуп кетти деп, башка паспорт жасатып албайбы? Антепши үчүн эмне кылсак болот?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жарандын паспортун залогго же башка максатта алуу мыйзамсыз болуп эсептелинет. Жарандык Кодекстин 89-беренесине ылайык, паспортту мыйзамсыз алып коюу деген күнөө коюлуп, 2 категориядагы айып пул салынат. Паспортту залогго алган адам жоопко тартылат.
Кошумча маалыматты 119 номерине чалып сурап алсаныз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?