Патруль кызматкерлери жөн эле кетип бараткан кызуу адамды кармоого укугу барбы?
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, патруль кызматкерлери эч кимге тийишпей, жөн эле кетип бараткан кызуу адамды кармоого укугу барбы? Бүгүн соо эле болчумун, жумуштан кийин аябай чарчап үйгө кетип бараткам. Патруль милиция штабынын жанынан өтүп баратсам, “сен ичип алгансың го, жүрсөң” – деп киргизип текшеришти, бирок кое беришти.
Мага жакпаганы, алардын жасаган мамилеси. Эгерде чын эле ичип алган болсом эмне болмок? Ага да штраф барбы?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эгер спирт ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп жүрөңуз анда кармап, тиешелүү иш чараларды көрүүгө укуктуу. Ал эми жөн эле кетип бараткан адамды негизсиз кармоого акысы жок. Алардын үстүнөн даттануу менен кайрылууга укугуңуз бар.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?