Балам үчкө чыгат, бирок сүйлөй элек. Кооптонууга негиз барбы? Логопед жооп берет
Саламатсызбы. Суроо берейин дегем. Балам ушул айда үчкө чыгат, бирок дагы деле сүйлөй элек. Нан, чай, суу - деген жөнөкөй сөздөрдү да айтпайт. Кээде эле “ата, апа” дегени болбосо.
Көбүнчө өзүнүн тилинде сүйлөйт. Ушундай кеч сүйлөсө эч нерсе эмеспи? Кооптонууга негиз барбы?
Рано Бусакова
Логопед
Саламатчылык. Баланын сүйлөө речи этап-этабы менен калыптанат.
Бир жашка чейин үй-бүлө мүчөлөрү менен эмоционалдык баарлашуу аркылуу речтин калыптануусу активдүү жүрөт.
Алгач: аа, а-гу, гы-ы, гэ-э деген добуштарды чыгарат.
6-7 айынан баштап “ба-ба”, “ма-ма-ма”, “та-та-та” деген муундарды айтып калат.
Биринчи сөздөрдү бир жашка чукул айта баштайт. Анын сөз байлыгында 15тен 20 сөзгө чейин бар болот. Бирок пассивдүү сөздүгүндө андан көбүрөөк сөз бар, башкача айтканда өзү каалаган нерселерди жандап түшүндүрө алат же көрсөтүп берет. Акырындык менен ал сөздөр активдүү сөздүккө айланат.
2,5-3 жашка чыгып калган баланын сөз байлыгы активдүү толукталат. Бул учурда ал бир сөздү эмес, кыска сүйлөмдөрдү айтып калат. Мисалы: апа бер, жок жебейм, чай ичем ж.б.
Демек, сиздин балаңыз да кыска жөнөкөй сүйлөмдөрдү айтып калышы керек болчу.
Суранам, сыйкырдуу бир нерсе болуп кетип, бир күнү өзү сүйлөп калаарын күтпөгүлө. Колдон келишинче эртерээк адистерге кайрылып, эртерээк коррекция жүргүзүүнү баштагыла. Канчалык эрте баштасаңар ошончолук жеңил болуп, натыйжасы жакшы болот. Себеби речти өнүктүрүү үчүн өзүнүн ылайыктуу учуру болот, ошол мезгилди өткөрүп жибербеңиз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Логопеддин башка суроого жообун бул жерден окусаңыз болот:
“Р” тамгасына эмгиче тилим келбейт, эмне кылышым керек? Логопед кеңеш берет
Кекечтенип сүйлөйм, бул нерседен арыла аламынбы? Логопед жооп берет
Үч жаштагы балам кекечтенип сүйлөп калды, себеби эмнеде? Логопед жооп берет