“Р” тамгасына эмгиче тилим келбейт, эмне кылышым керек? Логопед кеңеш берет
14 жашка чыгып калдым, бирок “Р” тамгасына тилим келбейт. Кантип тилимди көндүрсөм болот? Эмне кылышым керек? Кеңеш айтып койгулачы?
Рано Бусакова
Логопед
Саламатсызбы. Тыбышты туура айтууну үйрөнүү бир нече этаптан турат:
1-этап. Даярдоочу. Мында “Р” тыбышы үчүн артикуляциялык гимнастика жасалат. "Маляр", " Грибок", "Лошадка" – деген сөздөрдү оозду жакшылап ачып, так айтууга аракет кылуу керек.
2-этап. Тыбышты айтууга үйрөнүү. Башында “ДДД” деген тыбышты тилди таңдайга көтөрүп, бат-баттан айткыла. Оозуңузду жаппагыла, сөөмөйүңүздү тилдин алдына салып, оңго-солго, дирилдетип кыймылдатыңыз. Алдын ала колуңузду самындап жууп, сөөмөйүңүздү спирт менен “обработка” кылып алыңыз.
3-этап. “Р” тыбышын автоматизацияга жеткирүү. Р тамгасына башталган жана р тамгасын камтыган сөздөрдү, сүйлөмдөрду көбүрөөк айтыңыз.
Антан тышкары үйдо отурганда үнүңүздү катуу чыгарып, көбүрөөк оркөм окуңуз, жаңылмачтарды айтыңыз, дикцияңызды оңдоого аракет кылыңыз.
Такыр болбосо, анда логопедке кайрылып көрүңүз. Ал сөзсуз жардам берет.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.