// //

Кыргызстанда аналогу жок өзгөчө комбайны бар фермердин ийгилик сыры

2020.08.21, 11:31
1654

Жакында Вахобжан Таштановичтин фермасында уникалдуу айыл чарба техникасы - Кыргызстанда аналогу жок тоют жыйноочу комбайн пайда болду.

Вахобжан Таштанович чарбасын 2016-жылы уюштурган. Ферма куруп, ал жерге сүт багытындагы бодо мал бага баштаган. Кийин жергиликтүү бодо мал алып келип, аны кайра жогорку түшүмдүү асыл тукум уйлар менен алмаштырган.

Фермада мал багууга бардык шарттар бар: уйларды саай турган бөлмө, мал үчүн кышкы бөлмө, атсарай, асыл тукум жан башка жандыктар үчүн бир нече короолор, тоют сактоочу жайлар. Буга кошумча, фермер Австриянын симменталдык породасындагы уйларды кармоо үчүн европалык стандартка ылайык жай куруп жатат. Ошондой эле, коопсуздук үчүн чарбага видео байкоо системасы орнотулган.

Ферманы сапаттуу тоют менен камсыз кылуу үчүн Вахобжан Таштанович өз алдынча айыл чарба продукциясын өстүрүүнү пландаштырып, жергиликтүү элди жумушка ала баштаган. Бардык талаа иштери өз күчтөрү менен жүргүзүлөт, алынган түшүм чарбадагы атайын жайларда сакталат.

Фермада трактор, бир нече шайман, бобкат жана комбайн бар.

Баарыбызга белгилүү болгондой, заманбап технологиялар агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Алар жыл сайын жаңы моделдер менен толукталып, бир эле учурда бир нече операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бириккен агрегаттар пайда болуп турат.

Мындай жабдыктардын бирөөсү тоют жыйноочу комбайн - үрөндүү жана табигый чөптөрдү, күн карама, жүгөрү сыяктуу өсүмдүктөрдү чабууга, ошондой эле чабылган чөптөрдү жыйнап, унаага ташууга арналган айыл чарба машинасы. Вахобжан Таштанович "Айыл Банкка" кайрылып дал ушундай JAGUAR 850 CLAAS комбайнын лизингге алды. 

JAGUAR тоют жыйноочу комбайны CLAAS компаниясынын эң алдыңкы продукту. Кубаттуулукту акылдуулук менен башкарат, жогорку өндүрүмдүүлүктү көрсөтөт жана күйүүчү майды аз керектейт.

Фермер бул техниканы чет өлкөгө болгон сапарынын көрүп калган жана жаңы комбайндын толук жыйнагы аны абдан таң калтырган.

«Бул Кыргызстанга келген Германиянын алдыңкы технологияларынан бирден-бири, азырынча буга токшош аналогдор жок. Технология дан эгиндерин майдалоо сапатына, силостун кесилишинин көлөмүнө белгилүү талаптарды коет, бул болсо өз кезегинде силостолууга жана андан ары тоюттун сиңирилишине таасир этет ”, - дейт Вахобжан Таштанович.

Дыйкан бул комбайн менен өзүнүн түшүмүн кайра иштетүүдөн тышкары, жергиликтүү калкты дагы тейлейт.

«Бул региондогу ири мүйүздүү малдар үчүн жемдин сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле комбайн тарабынан түшүмдүн бардык элементтери толук, терең иштетүүнүн эсебинен тоют базасы көбөйөт. Жыйынтыгында фермерлер көбүрөөк сүт алат жана анын майлуулугу жогорулайт",-деди фермер. 

Климат көзөмөл, ыңгайлуу орундук, үн изоляциясы жана максималдуу автоматташтыруу - комбайндын ичинде отурган операторго өзүн ыңгайлуу сезиш үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Учурда Вахобжан Таштанович европалык стандарттарга ылайык тамактандыруу жана уйларды саай турган кошумча системаны киргизүүнү пландап жатат. Ошондой эле, чийки заттарды кайра иштетип, келечекте асыл тукум фермасы статусун алууну көздөөдө.

"Айыл Банк"  жыл сайын өлкөнүн агроөнөр жай секторун колдоону улантып келет. Көрсөткүчтөр тастыктагандай Банктын негизги артыкчылыктардын бири - дыйкандардын айыл чарба техникаларына болгон муктаждыктарын тез арада канааттандыруу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт