// //

Ата-энем мугалим же медик бол, деп мажбурлаган. Кыздар кантип кесип тандайт?

2020.08.18, 12:38
3616

Ширин журналистика факультетин аяктаган. Бирок, анын окуучу кездеги кыялы волейбол оюнчусу болуу болчу. Ал чоң мелдештерде волейбол ойноп, машыктыруучу болуп, өзүнө окшогон оюнчуларды тарбиялоону каалаган. Төрт жыл мектептин волейбол командасынын алдыңкы оюнчуларынан болгон. Район, облус аралык спартакиадаларга катышкан. Мектепти аяктаганда Шириндин ата-энеси анын тандоосун колдогон эмес.

 “Алар мугалим же медик бол, деп мажбурлашкан. Менин бул эки кесиптин ээси болоорума көзүм жетпей, журналистиканы тандап алгам. Учурда бош убакытымды волейбол ойноого коротом. Ата-энем волейбол оюнчусу болсоң, күйөөгө тийбей каласың. Спорт сени эркектей кылып коет, эркекке окшош кызды эч ким албайт, деген”,- дейт Ширин (аты өзгөртүлдү).

Kaktus.media жана Bilesinbi.kg  редакциялары Кыргызстандагы кыздар менен аялдардын укуктары боюнча бир катар материалдарды даярдоодо. Бул макалада кыздардын кесип тандоо укугу кандайча чектелгендиги жөнүндө сөз болот.

Кыз, сөзсүз түрдө гуманитардык кесип тандоосу керек эмес

Гендер боюнча адис Римма Султанованын айтымында, ата-эне жана мектеп бала кичинекей кезинде эле социалдык нормага ылайык болгон багыттарды тандоого үндөшөт. Кыз баланы тыкан жана тырышчаак болууга милдеттендирет, анткени ал келечекте мугалим, дарыгер же тигүүчү болушуна даярдашат.

"Биздин коомдо төрөлгөндөн баштап эле балдарга гендердик стереотиптер таңууланат. Эркек балага сен космонавт, инженер, полиция кызматкерлери ж.б.у.с. болушуң керек десе, кыз балага, тескерисинче, гуманитардык чөйрөдөн адистиктерди сунушташат. Эгер кыз механикалык инженерия бөлүмүн тандаса, ата-энеси “эл эмне дейт?”, деп чоочулайт.  Эгер ушул эле кесипти эркек бала тандаса, мындай шек саноолор болбойт эле", - дейт Султанова.

Социалдык нормалардын жана ата-энелердин таасиринен улам, кыздар техникалык адистикти тандагандан коркушат жана көпчүлүк учурда мындай кадамга бара алышпайт.

Гендердик адис мындай бөлүштүрүү балдарга гана зыян келтирип, аларга ички дүйнөсүн түшүнүп, өзүн табууга тоскоолдук жаратат, деп айтат: "Ар кимдин өз жөндөмү, каалоосу жана шыгы бар. Ата-энелер баласынын кыз же эркек болгонуна эмес, жөндөмүнө көңүл бурушу керек”.

Гендер боюнча адис Римма Султанованын пикири боюнча, гендердик стереотиптерден улам, кыздар үйдү жана баланы багууга жетише турган адистиктерди тандап алууга аргасыз болушат. Ошондуктан, мугалимдердин, дарыгерлердин жана тигүүчүлөрдүн көбү кыз-келиндер.

Кыздар келечектеги жөн гана жубай эмес

"Кыздарга бала кезинен баштап жашоонун негизги максаты үй-бүлө куруу жана балалуу болуу деп үйрөтүлөт. Мындай стереотиптерден улам, кыздар университетке таптакыр тапшырбай же окуусун аягына чыкпай калышат. Анткени эрте турмушка чыгып, эрте балалуу болушат. Профессионалдык өнүгүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү жашоодогу эң негизги максат эмес, деген ой таңууланып, үй-бүлөнү биринчи орунга коюуга үндөшөт. Ушундай кысымдан улам кыздар сүйүктүү кесибин тандабай, үй-бүлөлүк жашоону жана энелик милдетти бирдей алып кетүүгө оңой болгон кесипти тандоого аргасыз", - дейт психолог Мария Самсонова.

"Бирок, азыркы коомдо, күйөөсү өмүрүнүн аягына чейин үй-бүлөсүн багат деген кепилдик жок. Андыктан аял өзүнө жаккан жана келечекте киреше алып келе турган кесипти тандаганга аракет кылышы керек", - дейт психолог.

"Кесип тандоодо жаш өспүрүмдөргө кысым көрсөтпөңүз. Алардын оюн угуп, өзүңүздүн сунушту айтыңыз, бирок баланча кесипти танда деп мажбурлабаңыз. Ата-энесинин айтканы менен болуп, кесип тандаган студенттердин арасында мыкты адис болгондор сейрек кездешет. Анткени аларда окууга болгон мотивация жок. Эркек бала да, кыз бала да келечектеги кесибин өз алдынча аныктап, ката кетирүүдөн коркпой, өз жолун издеши керек", - деди психолог.

Аялдарга тыюу салынган иштердин тизмеси

"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелерине ылайык, аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган, зыяндуу жана (же) эмгек шарттары оор тармактардын, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеси бар", - дейт юрист Нурислам Райымжанов.

Юристтин айтымында, бул тизме аялдардын укугун тебелөөгө эмес,  ден-соолугун сактоого багытталган.

"Кыздар, уруксат берилген кесиптердин арасынан каалаган кесибин тандоого толук укуктуу. Бирок бул тандоо үй-бүлөдөн көз каранды, анткени ата-энелер окуу акысын төлөп беришет. Каржылык жана психологиялык жактан көз каранды болгондуктан, ата-энелердин сунушуна каршы чыгууга батына алышпайт", - деп эсептейт юрист.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт