// //

Смартфонум бузулуп калды. Бир жума Нокиа простушка көтөрдүм. 5 күндөн кийин...

2018.12.14, 17:46
8655

Белгилүү бир себептерден улам (ачыгын айтпай эле коеюн) смартфонум бузулуп калды. Аны ремонтко берип, балдарымдын оюнчуктарынын арасында жүргөн Нокиа простушканы 5 күн көтөрдүм. 

1 - күн.

Эртең менен эрте турдум. Жумушка 15 мүнөттө даяр болдум. Атүгүл, балдарды кийинткенге жетиштим. Аялым таң калды. 

Жумушка баратканда айланада элдер көп экенин көрүп таң калдым. Автобуска кирип жүргүнчүлөрдүн баарына салам айттым. Эч ким унчукпады. 

Иштеримди 4 саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактады. "Змейка" жакшы оюн экен, болгону баскычтарга көнө албай жатам. 

Кечки тамак учурунда аялым менен сүйлөштүм. Байкушумдун көйгөйлөрү көбөйүп кетиптир. Чечип беришим керек.

Балдарымдын үй тапшырмасына жардам бермей болдум. Ондуктарды көбөйтүү кыйын экен. Түнкү саат эки, 4-класстын математикасын окуп олтурам.

2 - күн.

Адатымча эрте турдум. Эртең мененки тамакты даярдадым. Балдарым балык менен куурулган жумуртка даамсыз экенин айтты. Алар эмнени билмек эле, даамдуу эле.

Автобуска түштүм. Жүргүнчүлөр менен жылмайып учураштым. Эч ким унчукпады.

Ишимди 3 саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактап, башка жумуш берди. Эмнегедир кесиптештерим мени менен такыр сүйлөшпөй калышты.

"Змейка рулит". Манжаларым ооруп калыптыр. 

Ондуктарды калькулятордун жардамы жок көбөйтө баштадым. Балдарым мени сыймыктана карашты.

3 - күн.

Балдарыма колбаса менен жумуртка жакты. Аялым ыраазы болду. Эртең да тамак жасап берем. 

Автобуска түштүм. Айдоочу бүгүн өзү биринчи учурашты. 

Бардык жумушту 2 саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактап, сыйлык берүүнү убада кылды. Кесиптештерим башкача карап жатышат. "Змейка" дээрлик толугу менен экранды ээлеп калды. 

Балдарым менен чогуу мультфильм көрдүк. "Семейка Крудс" сонун экен, силер да көргүлө. 

4 - күн.

Жумушка кетээр алдында аялымды өөп, балдарымды кучактадым. Кандай гана жагымдуу учур. 

Айдоочу бүгүн да биринчи салам берди. Жүргүнчүлөр менен учураштым. Эч ким унчукпады. 

Жумушумду бир саатта бүтүрдүм. Жетекчим мактап, сыйлыгымды тапшырды. Эгерде ушундай темп менен кете берсем, орун басар кылаарын айтты. Ураа!

Балдарым "Атааа!"  деп кыйкырып тосуп алышты. Аялым да бүгүн өзгөчө сулуу. Мен бактылуумун. 

5 - күн. 

Смартфонумду ремонттон алдым. Дароо бүт оюндарды, тиркемелерди өчүрүп салдым. "Змейканы" эле калтырып койдум.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Ч
Чынгыз Турганбаев
01.05.2019, 02:24

Чындыкка дал келбейт. Автор фантазиян тим эле укмуш соз жок. Аябай ишендии???

0
Пайдалуу жооп
Ч
Чынгыз Турганбаев
01.05.2019, 02:27

Азыркы заманда смартфонду 5 кун ондогондой эмне смарт экнн ал анча ..Айдан тушкон смарт го ??

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт