Кошунабыз 40 жыл мурун берген жерин талашып жатат
Саламатсызбы! 40 жыл мурун жер бөлүнгөндө кошуна экөөбүздүн ортобузда бир участок болгон, аны кошунабыз иниме деп алган. Ошол убакта ошол участокту бир аял талашкан. Ал аял талашпасын деп кошунабыз бизге эки сотукка жетпеген жер берген. Арадан 40 жыл өтүп ошол жерди сурады. Биз ага жерди бердик. Бир жыл өтүп "алган жерим азыраак болуп жатат, дагы бергиле болбосо компенсации бергиле" деди. Ал жерге 3 жыл мурун өзүбүз сарай салганбыз. Ошол убакта айтканда сарайдын артынан жер калтырат элек. Бере турган жер жок. Эмне кылсак болот? Ачуум келгенде сотко бер колунңдан келсе дегим келет. Жердин документи баар жайында, кызыл китеби бар.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер сизди түүра түшүнгөн болсом, сиздин атыңызда кызыл китеби менен жериңиз бар. Бирок бул жер боюнча 40 жыл мурда талаш болгон жана талаш сиз айткандай чечилген. Ал эми бүгүнкү күндө коңшуңуз 40 жыл мурда "сага жер бергенмин ошол жерди бересиң" деп сурап жатат туурабы?
Эгерде окуя сиз айткандай болгон болсо, анда төмөндөгүчө жооп берем: Сизге жер үч түрдү жол менен өткөн болушу керек
1. Мамлекет жактан берилген
2. Сатып алуу аркылуу
3. Белекке берилген
Документтериңизди караңыз (кызыл китепти) ал жерде сизге жер кандай берилгендиги жөнүндө жазылган (менимче айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде берилсе керек). Айтайын дегеним 40 жыл мурун коңшунуз сизге жер бергенмин деп айтуусу бул силердин түшүнүгүңөрдөгү сөз. Бирок, документтер боюнча башкача болот. Ошондуктан коңшунузга жер сиздики экендигин жана сизде кызыл китеп бар экендигин айтыңыз. Сизди сотко берем деген сөзү ал жөн эле коркутуу. Анткени сотко кайрылуунун жалпы мөөнөтү үч жыл. Демек ал үч жылдын ичинде сотко кайрылууга укугу бар эле. Кененирээк кеңеш берүү үчүн мен документтериңизди көрүп чыгуум керек болот, юристке же жактоочуга кайрылыныз.