Жөлөкпулга тапшырган документтерим өтпөй калыптыр. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен Өзгөн районунун Шамал терек айылында жашайм. Төрт балам бар, үйүбүз, иштеген жумушубуз жок. Жөлөкпул менен жашачубуз. Аныбыз май айында токтоду. Мен апрелде документ тапшырдым, бирок өтпөй калды деп бизге июлдун жыйырмасынан кийин айтты. Кимге кайрылып арыз жазсам болот?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! 2020-жылдын 10-апрелинде өкмөттүн тескемеси чыккан. Ага ылайык, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал мезгилинде социалдык төлөмдөрдүн мөөнөтү бүтүп калса, документтерди талап кылбастан мөөнөтү узартылат. Тактап айтканда, эч кандай докмуент талап кылынбай, өзгөчө кырдаалдар бүткөнгө чейинки күндүн акыркы айына чейин алынышы керек болчу.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.