Жигитим сөз берет, бирок берген убадасына турбайт, күнөөнү кайра мага оодарат
Саламатсызбы. Жигитим менен сүйлөшкөнүмө бир жылдан ашты. Бирок ал ар дайым башка кыздар менен сүйлөшө берет. Мага мындай кылганы такыр жакпайт, өзүнө да айткам. Сүйлөшпөйм деп сөз берет, бирок берген убадасына турбайт. Кайра күнөөнү мага оодарат.
Сөз айтсам эле мени коргобойт, кайра тиги кыздарын коргоп кирет. Билбейм, балким күнөө өзүмдө? Сүйлөшпө дегеним үчүн ушундай мамиле кылып жатабы?
Эмне кылышым керек? Жигитимдин башка кыздар менен сүйлөшкөнү нормалдуубу? Кандай чечимге келишти билбей турам.
Жибек Кенжебаева
Психолог
Айрым адамдар үчүн карама-каршы жыныстагы адамдар менен (противоположный пол) сүйлөшүү, баарлашуу нормалдуу көрүнүш. Балким, алар бала кезинен берки достор, балким, жигитиңиз өзү эле ачык-айрым киши, ага адамдар менен сүйлөшкөн жагат. А балким, ал кыздар менен сүйлөшүү аркылуу өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Бул анын дүйнөгө болгон көз карашы, демек мындай жүрүм-турумда эч кандай чыккынчылык көрбөйт.
Ал эми сиздин көз карашыңыз башкача. Сиздин оюуңуз боюнча кыз-жигиттин ортосундагы мамиледе мындай көрүнүтөр болбошу керек.
Адамдын жүрүм-турумун өзгөртүү кыйын. Бул жерде эки эле жол бар, эгер жигитиңиз сиз үчүн абдан кымбат болсо, аны кандай болсо ошо бойдон кабыл аласыз, жана анын жоруктарына көңүл бурбайсыз.
Ал эми башка кыздар менен жакын болгонун жактырбасаңыз, бул тууралуу ага айтып сүйлөшүү керек. Бирок менин түшүнгөнүмө караганда, бул тема экөөңөрдүн ортоңордо бир нече жолу талкууланган. Сизге катуу тийип жатканын билип туруп деле мамилесин өзгөртпөсө, анда төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
Ал сизди жана ортоңордогу мамилени канчалык деңгээлде баалайт?
Сиз ушундай мамиледе калууну каалайсызбы?
Бактылуу болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши