// //

Апамдын тилин албай ыйлатканыбыз үчүн атам бизди үйдөн кууган

2020.07.29, 12:37
11651

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет апасынын тилин албай, үйүнөн куулуп кете жаздаган тентектердин баянын жарыялайбыз. 

"Ботола-шотала болуп кечинде келебиз"

Бүгүн апам алтымыш бешке чыкты. План боюнча ресторанга дос-туугандарды чакырып, апама сюрприз кылмакпыз. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, оюбуз оңунан чыкпай калды.

Төрт бир тууганбыз. Төртөөбүз тең эркек. Чеги жок тентекпиз. Байкуш, ата-энебиздин башында түшкөн балээ болдук.

Араларыбыз бир жаш болгондуктан улуу-кичүүбүз ким экенин деле билбей чоңойдук. Таң эрте туруп үйдөн чыгып кетебиз. Ботола-шотала болуп кечинде келебиз.

Кылбаган нерсебиз калган жок: торпок минебиз, тооктун жумурткалары менен чабышып ойнойбуз, короз уруштурабыз, каналдагы сууга чумкуйбуз, көчөнүн балдары бөлүнүп алып мушташабыз, рогатка жасап кошунанын терезелерин сындырабыз ж.б.

Деги беш алып келген күнүбүз болбоду. Апам менен атам “сен эле барчы” деп, чогулушубуздан качышат эле.

Анда кайдагы сотка. Кадимки эле телефон. Ай сайын почтага 30 же 50 сом төлөп коебуз. Болду.

- Алло! Кадыр! Мен үйүмө кетип жатам!

- ...

- Кайсы үйгө болмок эле! Апамдыкына!

- ...

- А сен тентек балдарың менен жашай бер.

Апам кийимдерин чогултуп кирди. Чындап эле кетип калабы? Корко баштадык. Корозубузду Докеге топко алмашпай эле койбой. Же чөптү өрттөгөнүбүзгө таарындыбы? Баягы төрт тентек заматта момпоюп отуруп калдык.

Атам аптыгып чуркап кирип келди. “Жамал! Кайдасың?” Апам кийимдерин чогултуп бүтө элек болчу.

- Эмне болду? Түшүндүрчү? Эмнеге ыйлап жатасың? Ыйлабачы суранам. 

- Эмне болмок эле, могу балдарың тилимди укпай жатат. Мугалими келип даттанып кетти. Анысы аз келгенсип, чоң корозду топко алмашып жиберишиптир. Кебетелерин карачы? Кече эле киринтип, таза кийим кийгизгем. Сөзүмдү укпай калышты!

Төртөбүз эч нерсе болбогон немелердей турабыз.

“Бар, кийимиңерди чогултуп, үйдөн чыгып кеткиле! Кайда барасыңар ишим жок! Мага биринчи кезекте апаңар керек. Мен аны менен жашайм. Сүйүктүү жубайымды таарынткан силердей тентек уулдардын барынан жогу жакшы. Тур, тез-тез алчуңарды алгыла да, жөнөгүлө.”

“Апа, кечирим коюңузчу! Экинчи тентектик кылбайбыз! Чын, апа!” Чурулдап эле жатып калдык.

Айта кетчү нерсе, ата-энебиз бизге бир дагы жолу  кол көтөргөн жок.

Азыр төртөөбүз тең чоң кишилербиз. Баягы тентектер жок: дарыгер, мугалим, бухгалтер, жеке ишкер. 

Түнкү саат 23:55. Төртөөбүз чогулуп айылдагы үйдүн короосунда турабыз. Азыр 00:00 болору менен үйгө киребиз. Колубузда 65 саны жазылган торт, “Алтын апам” деген гүлдесте, анан белектер.

Атам акырын терезеден башын чыгарып, кол булгалап койду.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт