// //

Күйөөм мени сүйөм дейт, бирок көйнөк алып бер десем ызы-чуу салат

2020.07.28, 15:14
6029

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга бир жаш келинден кат келди. Анда күйөөсү, баласы экөөнөн акча аяп жаткандыгы тууралуу айтылат. 

"Баарын ата-энесине салат"

Күйөөм менен болгон мамилени оңдоп, бактылуу жашагым келет. Тилекке каршы, колумдан келбей жатат.

Кыз-жигит болуп төрт жыл сүйлөштүк. Мага болгон мамилеси аябай жакшы эле. Баш кошкондон кийин таптакыр өзгөрүп кетти. Бир баланын ата-энесибиз. Мен бала менен үйдө отурам, ал жумушта.

Жалгыз бала менен отура берип кадимкидей зеригем, буулугам, дүкөн кыдырып, элге окшоп сейилдегим келет. Бирок жолдошум бизден акчасын аяйт.

Жакшы табат. Үйүндөгүлөргө чоң суммадагы акча салат. Бизге болсо ашыкча короткусу келбейт. Азык-түлүктү бөлүп аз-аздан алып келет. Өздүк гигиенама керектүү каражаттарга так эсептеп туруп акча берет же өзү эле алып келип берерин айтат. Жадакалса баласына эч нерсе алып берген жок: манеж, коляска, оюнчук дегендей.

Акчасы жок болсо түшүнөт элем. Бирок баарын ата-энесине салат. Алар дагы күндө чалып тактап турушат. Кийимди ызы-чуу менен жаман көрүп жатып алып берет. Бирок, ар дайым мени жакшы көрөрүн айтат.

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Сиз өлкөбүздөгү көптөгөн үй-бүлөлөргө мүнөздүү кырдаалга туш болдуңуз. Эң негизгиси, күйөөңүз сизди, сиз аны сүйөт экенсиз!

Эркектер конкреттүү ой жүгүртүшөт, мисалы, үйдө отурганда кийим-кечектердин эмне кереги бар, деп ойлошот. Эми алар үйдөгү эне үч смен иштегенин - үйдө отуруу деп аташат. Ошондой эле, балага көп нерсенин кереги жок, памперске эле канча акча кетип жатат дешет.

Жагдайыңызды туура түшүнүп, так жооп берүү үчүн сизге бериле турган суроолор көп.

Эми ата-энесине токтосок: эмне үчүн ар дайым аларга көп акча берет? Алар үй куруп, бизнес жүргүзүп, дарыланып, саякаттап жатышабы? Алардын ортосунда кандай келишим бар? Же балким, аларга силердин тойго сарптаган акчасын төлөп жаткандыр? Мындай дагы болушу мүмкүн.

Бул жерде тыюу салууга болбойт, анткени аларга жашыруун жардам берет жана сизге таарынычы пайда болот. Тынч отуруп алып ачык сүйлөшүп, баарын түшүндүрүп беришиңиз керек! Балаңыз менен өзүңүздүн муктаждыктарыңызды баалуу кылыңыз. Ал жумушка кетип жатканда сейилдөөгө тамак-аш же даамдуу бир нерсе сатып алууга, же шашылыш керек болуп калган дары-дармек, прокладка сыяктуу нерселерге акча таштап кетиши керек.

Аялды акчасыз калтыруу экономикалык зомбулук катары бааланат.

Ошондой эле психологиялык жактан дагы таасир берет – аял таарынат, өзүнө ишенбейт, күн сайын кичинекей өлчөмдө болсо дагы материалдык жактан корголбойт ж.б.

Күйөөңүз апасынан же жакын туугандарынан көрсөтмөлөрдү алары көрүнүп турган иш.

Сиздин сурооңуз ар тараптуу, бирок чечим бар! Психологго кайрылууңуз керек, анткени үй-бүлөңүздүн нюанстарын, күйөөңүз жана тууган-туушканыңыз менен болгон мамилеңизди жакшылап билүү бул көйгөйдүн оптималдуу жолун табууга жардам берет. Күйөөңүз дагы барышы керек, анткени бул нерсе мамилеңердин начарлашына, сүйүүнүн жана өз ара түшүнүшүүнүн төмөндөшүнө алып келет.

Бул маселени тез арада чечиш керек! Дипломатиянын негиздери сизге жардам берет!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт