Бөйрөктөгү ташты операция жолунан башка ыкма менен жок кылса болобу?
Бөйрөктөгү ташты операция жолунан башка жол менен чыгарып, айыктырса болобу? Күйөөмдүн бөйрөгүндө 1 ммдей таш бар экен. Ал операциядан баш тартып жатат. Элдик ыкма, чөп-чар, дары менен жок кылса болобу?
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатчылык. Сиз жаңылышып жазып алган окшойсуз. Бөйрөктөгү таш 1 мм болсо, операция жасоонун зарылчылыгы жок. Демек анын көлөмү кумдун бүртүгүндөй эле. Ал заара аркылуу өзү эле чыгып кетет.
Ал эми көлөмү 10 мм болсо анда операция жасатуу керек. Андан тышкары бөйрөктөгү ташты жок кылуунун эки түрү бар: конактык литотрипсия жана дистанциялык литотрипсия.
Конактык литотрипсия – бул бөйрөктөгү ташты жанчуунун заманбап инвазивдик эмес ыкмасы. Таш ультра добуштун жардамы менен жанчылат, ал кум болуп майдаланат, кийин заара аркылуу өзү чыгып кетиши мүмкүн.
Дистанциялык литотрипсия – мында бейтаптын эч жери кесилбейт. Бөйрөк тушунан диаметри 1 смге чукул кичинекей тешик жасалат, ийкемдүү эндоскоптун жардамы менен таш жанчылат.
Бөйрөктөгү ташты эч кандай дары чөп менен жана таблеткалар менен жок кылуу мүмкүн эмес.
Ден соолукта болуңуз!
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет