// //

19 жаштамын, кантип сабырдуу, токтоо боло алам? Психологдун кеңеши

2020.07.27, 12:38
2194

Саламатсызбы. Менин жашым 19да. Өзүм шайыр кызмын. Көп уруш сабырсыздыктан болот экен. Мен токтоо, оор басырыктуу болгум келет. Канча аракет кылдым, андай боло албай койдум. Канткенде сабырдуу боло алам? Кеңеш бериглечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.07.2020, 12:38

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Өзүңдү-өзүң кармана албагандык - импульсивдүүлүк деп аталат.

Импульсивдүүлүк – бул мүнөздүн өзгөчөлүгү, мында адам эмоциялардын же стимулдардын басымы алдында туруштук бере албай, өзүнүн кыймыл аракетин контролдобой калат.

Өтө импульсивдүү адамдар тиги-же бу иш-аракети үчүн, айтып алган сөздөрү үчүн өкүнүшөт. Анткени эмоциялардын таасири менен адам эмне кылып жатканын ойлонуп жетишпейт, жасаган иши кандай натыйжага алып келерин аңдабайт.

Импульсивдүүлүк адатта, мектепке чейинки жаш курактагы кичинекей балдарга таандык. Себеби алардын психологиясы жетиле элек, эмоцияларын башкара албайт. Болжол менен 8 жашка чейин балдар мээсинен келип чыккан импульстарды кабыл алып, анализдеп, контролдогонго үйрөнүп калышат.

Импульсивдүүлүктүн калып калышынын себептери физикалык да, психикалык да болушу мүмкүн.

Физикалык себептерин жокко чыгаруу үчүн неврологго кайрылып консултация алып көрүңүз. Бир катар анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өтүү керек. Эгер физикалык себептери аныкталбаса, анда психотерапевтке кайрылыңыз.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт