// //

«Айыл Банк» дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардамын улантууда

2020.07.27, 11:32
1304

«Айыл Банк» ААКнын жамааты карантиндин биринчи күндөрүнөн тартып жана Кыргызстанда өзгөчө кырдаал менен абал режимдерин киргизүүдөн кийин, инфекциянын коркунучуна карабастан, калкты банктык кызматтарга үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыз кылуу үчүн ишин улантып келишти. 

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай оор мезгилде «Айыл Банк» ААКнын аймактык филиалдарынын кызматкерлери санитардык-карантиндик посттордун күзөтчүлөрү үчүн ысык тамак уюштуруп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ж.б. жардам көрсөтүштү.

Бүгүнкү күнгө чейин, «Айыл Банк» ААК коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө жардам берүүдө.

Алсак, "Айыл Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Жолчубек Уметалиевдин жетекчилиги менен 150 орунга ылайыкталган Кожомкул атындагы спорт-ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында жайгашкан күндүзгү стационарга жеке коргонуу каражатын жана дары-дармектерди тапшырышты.

Зарыл болгон дары-дармектердин тизмесин буга чейин дарыгерлер өздөрү түзүшкөн, тагыраак айтканда - цефамед, рингер, цефотаксим, левофлоксацин, физраствор, антисептиктер, ийнелер жана жеке коргонуу каражаттары. Бул кайрымдуулук жардамы жалпысынан 100 миң сомду түздү.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Мындан бир аз мурун "Айыл Банк" Улуттук госпиталга кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн каржылык колдоо көрсөткөн жана 500 миң сомду ушул медициналык мекеменин эсебине которгон.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, "Айыл Банк" ААКнын кызматкерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн жеке каражаттарды чогултууну уюштурушту. Жыйынтыганды, оперативдүүлүккө жетүү үчүн ар бир филиал өз аймагындагы дарыгерлерге колдоо көрсөтөт деген чечим кабыл алынган.

Сокулук жана Талас филиалдарынын жамааттары кызматкерлердин атынан кычкылтек концентраторлорун райондогу күндүзгү стационарларга өткөрүп беришти. Каракол филиалынын кызматкерлери концентраторду Аксу облустук ооруканасына тапшырышты. Нарын филиалынын кызматкерлери Нарын облустук бириккен ооруканасына кычкылтек концентратору жана медициналык кол каптарды белек кылышты. Ош филиалынын жана "Ош-Датка" ишканасынын кызматкерлери өздөрүнүн эсебинен кычкылтек концентратын сатып алып, аны Ош шаардык клиникалык ооруканасына тапшырышты.

Ноокен филиалы ошол райондун борбордук ооруканасына концентраторлорду толтуруу үчүн колдонулган эки редуктор жана үч кычкылтек баллон түрүндө жардам көрсөттү.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Кара-Балта филиалынын кызматкерлери Жайыл районундагы жугуштуу оорулар ооруканасына 5 пульсоксиметр тапшырышты жана дарыгерлер үчүн түшкү тамак уюштурушту. Чолпон-Ата филиалы аймактык ооруканага, "Алтын Балалык" обсервация пунктуна жана тез жардам кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттары түрүндө жардам көрсөттү.

Гүлчө филиалынын жамааты Алай райондук аймактык ооруканасына жана ошол райондогу обсервацияга медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн акча которушту. Кызыл-Кыя аймактык шаардык ооруканасы Кызыл-Кыя филиалынын кызматкерлеринен материалдык жардам алды.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Кадамжай филиалы жергиликтүү штабга коронавируска каршы күрөшүү үчүн каржылык жардам көрсөттү. Каражат дарыгерлерге керектүү каражаттарды сатып алууга жумшалат. Беловодск филиалынын кызматкерлери кызыл зонада иштеген медициналык кызматкерлер үчүн аймактык ооруканага жеке коргонуу шаймандарын беришти. 

Ноокат филиалынын кызматкерлери облустагы үч аймактык ооруканага кайрымдуулук жардамын көрсөтүштү. Балыкчы аймактык ооруканасы Балыкчы филиалынан жеке коргонуу каржаттарын алды.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

Башкы кеңсенин кызматкерлери Аламүдүн, Ала-Бука, "Бишкек-Мээрим", Жалал-Абад жана Кант филиалдарынын кызматкерлери менен биргеликте жеке каражаттарды чогултууну уюштурушту. Чогулган акча дарыгерлерге 4 кычкылтек концентраторун, 4 пульсоксиметр жана респираторго буйрутма берүүгө жумшалды. Ш.Салымбеков медресесинде жайгашкан күнү-түн иштеген стационардын медициналык кызматкерлерине бир кычкылтек концентратору жана респираторлор тапшырылгандыгын кошумчалай кетели.

ОАО "Айыл Банк" оказывает поддержку медикам по всему Кыргызстану в борьбе против COVID-19

"Айыл Банк" ААКнын жалпы жамаатынын атынан бардык дарыгерлерге жана ыктыярчыларга COVID-19 пандемиясынын жайылуу шартында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт