// //

Спермам мурдагыдай эмес, суюк болуп калды. Коркунучу жокпу? Урологдун жообу

2020.07.16, 12:36
2878

Саламатсызбы. Менин спермам мурдагыдай жармашчак, илээшкек болбой калды. Бул эмнеси? Коркунучтуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2020, 12:37

Азат Бейшенов

“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог

Саламатчылык. Эгер уруктун суюлуп кетишин, консистенциясынын өзгөрүшүн байкасаңыз, бул сөзсүз анализ тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүү керек дегенди билдирет.

Сперманын суюк болушунун бир нече себеби бар. Алар:

  • Урук суюктугундагы спермалардын санынын азайып кетиши.
  • Сууну ашыкча ичкенден улам, организмдеги суюктуктун балансынын өзгөрүшү.
  • Сезгенүү же инфекциялык оорулардын пайда болушу.

Сурооңузга так жооп алуу үчүн төмөнкү медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүу керек:

  • Простата безин УЗИге тарттыруу
  • Зааранын анализи
  • ПЦР, ДНК
  • Уреплазма, микоплазма хламидиялар
  • Спермограмма

Ушулардын негизинде уруктун эмне себептен суюлуп кеткендигин аныктаса болот.

Ден соолукта болуңуз!

Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт