// //

Хижама жасатуу менен коронавирустан айыкса болобу? Кесипкөй адистердин пикири

2020.07.16, 11:04
1738

Хижама жасатуу менен коронавирустан айыкса болору тууралуу маалыматтар интернет айдыңдарында популярдуу боло баштады.Чындап эле хижама вирус менен ооруган кишилерге пайдалуубу? Адистердин пикирин төмөндөн окуй аласыз.

КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө – корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков коронавируста кан чыгаруу ыкмасы жөнүндө айтып берди.

“Биздин ата-бабаларыбыз кандын басымы өйдө көтөрүлүп кеткенде гана хижаманы колдонушчу. Башка ооруларга эч качан пайдаланышкан эмес. Бүгүнкү күндө көрсөтмөсү барбы же жокпу карабай эле, бүт ооруга жасатып жатышат. Эгер адамдын кан басымы 200дөн ашып кетсе жана дарылар жакшы жардам бербей жаткан учурда гана хижама жасаса болот. Анда дагы ишеничтүү жана медициналык билими бар адистерге кайрылуу зарыл.  

Мисалы, бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кандын басымы көтөрүлүп жатат дейли. Мындай учурда хижама эч кандай жардам бербейт. Себеби бул жерде горманалдык бузулуу болуп жатат, кан чыгарасыңбы же жокпу, пайдасы жок. 

Коронавируста хижама жасатуу негизи туура эмес!

Хижаманы кайсы убакта колдонуу керектиги тууралуу атайын көрсөтмө бар. Мен өзүм бул ыкманы колдонгон бир дагы медициналык кызматкерди көргөн эмесмин. Көбүнчө бул менен табыптар, молдолор жана көзү ачыктар алектенишет.”

Ошондой эле, Кыргызстан Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев хижаманын пайдасы жана зыяны жөнүндө айтып берди. Ал өзүнүн Facebook баракчасында хижамага байланыштуу хадистер жөнүндө кеңири маалымат берип, хижама коронавируста эмес, дарылоо методу катары пайдалуу экендигин белгиледи. Ошондой эле ал бул процедураны жасатууда ишенимдүү адистерге барууга үндөдү.

"Андан тышкары, хижама жасоодо колдонулган заманбап шаймандардын коопсуздугу тууралуу далилдер жок. Келгиле, көйгөй жаратпайбыз жана өзүбүздүн ден соолугубузду ар кимге ишене бербейбиз",- деди ал.

Анын айтымында, хижама жасаган заманбап аппараттардын жана тажрыйбасыз адистердин айынан оорулуу шал болуп калышы мүмкүн.

Дарыгерлер медициналык билим бар адистен кеңеш албастан туруп, адам процедураны өз билемдик кылып жасатса өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин эскертет.

"Эгерде бир ыкма кандайдыр бир ооруга жардам берсе, анда ал башка ооруга каршы натыйжалуу болот дегенди билдирбейт. Хижаманы өз алдынча уруксатсыз жасоо ден-соолукка чоң зыян алып келиши мүмкүн. Коронавируска чалдыкканда канды суюлтуучу препараттар ичилет, мындай учурда хижама жасатуу кансыроого алып келиши мүмкүн. Андан тышкары, хижама кандай шартта жасалганын, ийнелер канча жолу колдонулгандыгын ж.б. билбейбиз", - дейт дагы бир терапевт.

Эгерде стерилдүүлүк сакталбаса, анда башка коркунучтуу оорулар жугушу мүмкүн.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул...

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт