ЗАГСты Таластан алгам, эми Бишкектен ажырашууга арыз жаза аламбы?
Саламатсызбы! Өзүм Нарын облусунан болом, Талас облусунун Бакай-Ата районуна турмушка чыгып ошол жактан ЗАГС алганбыз. Ортодо эки балабыз бар. Өзүбүз Бишкек шааранда квартирада турчубуз. Май айынан тарта жолдошум экөөбүз эки айрылым жолго түштүк. Балдарым менин жанымда. Нарынга кеткен кезимде жолдошум кайын энем менин кийим -кечемди үйгө таштап, өздөрүнө таандык оокаттарын көчүрүп кетишиптир. Сурайын дегеним мен Бишкектин сотуна ажырашуу боюнча кайрылсам болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында турсаңыз, анда жашаган аймагыңыз боюнча райондук сотко кайрылыңыз. Анткени, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 31-беренесине ылайык, жашы жетпеген балдар сиз менен болгондугуна байланыштуу, сиз ажырашуу жана алимент боюнча арыздар менен өзүңүз жашаган аймактагы сотко кайрылууга укугуңуз бар. Бишкекте төрт район бар (Октябрь, Биринчи Май, Свердлов жана Ленин району”, ошолордун кайсы бирине карайсыз тактап, ошол жердеги сотко кайрылыңыз.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?