// //

Эч жерде иштебейм, алименттин акчасын азайтсам болобу? Адвокаттын жообу

2020.07.13, 14:01
1489

Мен 28 жаштамын. Бир балам бар, азыр 7ге чыгып калды. Ай сайын 3509 сом алимент төлөйм. Алименттин акчасын азайтсам болобу? Эч жерде иштебейм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.07.2020, 14:01

Ширин Алмазова

Адвокат

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 68-беренесине ылайык, ата-эне балага тиешелүү деңгээлде кам көрүүгө, тарбиялоого, материалдык жактан каржылоого жана турак-жай менен камсыздоого милдеттүү.

Айлык маянанын же факт жүзүндөгү кирешенин жоктугу баланы камсыздоо жоопкерчилигинен бошотпойт. Ата-эне алиментти төлөө үчүн өз алдынча каражат табууга милдеттүү. Анын көлөмү жашаган жеринде бекитилген орто эсептеги айлыктын суммасынын негизинде аныкталат. Же болбосо алиментти кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү же анын бир бөлүгүн баланын атына өткөрүп берип компенсация кылса болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:

Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?

Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет

Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет

Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт