Кайын энем мага айтпай туруп үйдөн учеттон чыгарып кое алабы?
Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүз жашабайбыз, бирок ЗАГС кыргыла элек. Азыр башка жакта жашайм, учетум кайын энемдин үйүндө. Кайын энем мага айтпай туруп учеттон чыгаарып кео алабы? Рахмат
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Жок, кайын энеңиз сиз жок болсоңуз өз алдынча учеттон чыгара албайт. Учеттон билдирүүчүнүн каалоосу менен эле чыгаруу мүмкүн. Анда сөзсүз билдирүүчү өзү жана үйдүн ээси болууга тийиш.
Экөө макулдаша алышпаса анда сотко кайрылып, соттун чечими аркылуу ишке ашырса болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?