Жигитим менен вотсап аркылуу эле сүйлөшөбүз, турмуш курганда кандай болот?
Саламатсызбы. Мага кеңеш берип коюңузчу? Мен күзүндө 18ге чыгам. Жигитим ата-энеси менен келип сөйкө салып кетишкен. Бирок ал бала менен көп деле көрүшпөйбүз, телефон чалып сүйлөшпөйбүз. Кээде эле ватсаптан жазышып калабыз. Анын кандай экенин 100% билбейм. Сыртынан карасаң эмгекчил, жакшы жигит. Бирок жакындан кандай адам экенин айта албайм. Кээде көзүмо жакшы көрүнөт, кээде жаман көрүп калам.
Турмуш курганда кандай болот? Кеңешиңизди бериңизчи тез арада, сураныч?
Жибек Кенжебаева
Психолог
Саламатчылык. Жазгандарыңызга карагана жигитиңизди жакшы тааныбайсыз. Аны менен жолукпасаңыз, телефон чалып сүйлөшпөсөңүз, анда-санда ватсап аркылуу жазышуу аркылуу бири-бириңерди жакындан таануу абдан кыйын. Себеби ал жазган сөздөрдү сиз башка тон, башка маанай менен окуп, такыр башкача кабыл алышыңыз мүмкүн.
Турмуш кургандан кийин кандай болот? – деп сурап жатасыз, аны мен да, сиз да билбейбиз. Алдын ала эч ким айта албайт.
Менин сизге бере турган кеңешим, баш курганга чейин бири-бириңерди жакшыраак таанууга аракет кылгыла. Аны менен бирге убакыт өткөрүңүз. Өзүн кандай алып жүрөт, сизге кандай мамиле кылат, эмнеге кызыгат, үй-бүлөлүк жашоону кандай элестетет? – ушуларды сураңыз.
Анын мүнөзү кандай? Алдыга койгон максаттары сиздикине туура келеби? Чынында ушул адам менен бирге болгуңуз келеби?
Ушул суроолорго өзүңүзгө-өзүңүз чынчыл жана так жооп бериңиз. Ошого жараша чечим чыгарыңыз.
Бактылуу болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши