// //

Алтымыштан ашып калган абышка “аялым он сегизде” деп таң калтырды

2020.07.09, 13:05
4673

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"18де экенин анын көздөрү айтып турат"

Жамгыр төгүп жатат. Гүл саткан дүкөнгө чуркап кирдим. Бүгүн келинчегимдин туулган күнү. Баягыда “мага гүл бербейсиң” деп таарынды эле. Бир көңүлүн көтөрүп коюнчу.

Шаардын баары гүл алганы келген окшойт, ичи узун кезек экен. Айла жок, бир абышканын артына турдум. Сүйлөшө кеттик.

- Ии, балам, эмне майрам сени бул жерге алып келди?

- Келинчегимдин туулган күнү.

- Ой, мен да ошол себеп менен турам. Сүйгөнүң канчага чыкты?

- 29. Сиздикичи?

- 18.

- Тамашалап жатасызбы? Ошо кантип болсун.

Күлгөн жок. Кайра мени таң калып карады. Абышка тамашалаган жок окшойт.

- Канча жылдан бери чогуу түтүн буулатып келатасыздар?

- Быйыл туптуура кырк жыл болду.

- Кемпириңизди 18де дебедиңизби?

- Ооба, 18де.

- Анан.

- Балам, аялдын жашы анын паспортунда эмес көзүндө жазылган.

Эмне дээримди билбей туруп калдым.

- Таң калба балам, мен үчүн ал дагы бир жолу 18ге чыкты. Азыр үйгө барып ушундай майрамдайбыз дейсиң: күлөбүз, жыргайбыз, бийлейбиз, кызылдан бир аз ичебиз, баарын унутабыз. Мен аябай бактылуумун. Билесиңби, экөөбүз бийлегенди жактырабыз. Жыл өткөн сайын радикулит деген неме кыймылдарыбызды жайлата баштады. А биз ага баш ийбей, дале сүйүктүү музыкабыздын коштоосунда чимирилебиз. Сага окшогон кимдир бирөө аны 61де деши мүмкүн. Бирок, мен ишенбейм. Анткени жалтыраган көздөрү 18де экенин айтып жатпайбы. Анын көздөрү алдабайт. Дагы канча өмүр сүрөрүмдү билбейм, бирок эмне гана болбосун бүгүн дагы бир ирет 18ге чыккан сүйгөнүмдүн жанында болом.

Кезеги келип калды. Гүлүн алып мени менен коштошуп сыртка чыгып кетти. Чындап эле ушундай адамдар барбы? Көзүмө көрүнгөн жокпу? Артынан чыктым. Жок, чын эле экен, тигине кыңылдап ырдап кетип баратат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
U
Umka Sadabaeva
09.07.2020, 22:55

Саламатсынар,биз куйом экообуз иштебейбиз.3балам бар.озубуз квартирада турабыз.озум Ысык обласынын Каракол шаарынан болом.бирок турмушка Жети огуз районун.Жон Булак деген айылга турмушка чыккам.биз алты ай сайын документ откорчубуз.анан акыркы жолу барып,кайра откоролу десек менин документтеримди албай койду.Учетун Каракол экен деп.бирок мен Караколдон алчы эмесмин.анан эмне кылсам болот.жооп жазып койгулачы суранам

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт