Досумду бир кыз зордуктады, деп сотко бергени жатыптыр, эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Менин суроом мындай: дос бала бир кыз менен кошулуп коюптур. Ал кыз боюма бүтүп калса, зордуктады деп сотко берем, деп коркутуп жатыптыр. Чынында, кыз өз ыктыяры менен болуптур. Кыз 17 жашта. Бул жагы кандай болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Сотко берүү үчун зордуктоо фактысы болгонун далилдеп берүү зарыл. Тагыраак айтканда соттук биологиялык жана соттук медициналык экспертизанын корутундусу.
Менин сизге бере турган кеңешим, бул ишти тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылгыла. Себеби кыздын жашы жете элек экен, бул факт кылмыш жазасын оорлотот.
Эгер кыз зордуктоо фактысы соттон далилдей алса анда, досуңуздун жашы жеткен болсо (совершенно летний) 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратылат.
Эгер жашы жете элек болсо (несовершеннолетний) анда 6дан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасына тартылышы мүмкүн.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?